Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 26/3
Өзгөн шаар мэринин 2016-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету
Өзгөн шаардык кеӊешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаар мэринин 2016-жылдын 6 айы ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету» боюнча Өзгөн шаар мэри С. Пратовтун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаар мэринин 2016-жылдын 6 айы ичинде жүргүзгөн иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Отчету талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды аткаруу боюнча иш-чара түзүү жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөн шаар мэриясынын аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеӊешинин төрагасына тапшырылсын.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы | А.А. Насиров |
Мен 2016-жылдын 6 айында шаарда аткарылган иштер боюнча Сиздерге отчет даярдаганмын, уруксат берсеӊиздер баяндап берейин.
Хадисте: «тынчтык, ынтымакчылык болгон жерде береке пайиз, ырыскы болот»,-деп айтылгандай, мен күн сайын эрте менен жараткан Алла тааладан «жерибизде тынчтык болушун, элибизде ынтымакчылык болсун»,- деп тилеп, иш баштаймын. Кудайга шүгүр, элибиздин бейпил жашоосун камсыз кылууда Сиздер менен биргеликте ар дайым эл арасында болуп, тынбай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында шаарыбызда туруктуулук орноп, социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылып келе жатабыз.
Урматтуу депутаттар, 2016-жылдын башынан эле шаар мэриясы колдо болгон бардык мүмкүнчүлүгүн шаардын экономикасын жогорулатуу аркылуу калктын социалдык абалын жакшыртуу маселерин чечүүгө буруп, тийиштүү иш аракеттерди жүргүзүп келе жатабыз.
Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше булагын көбөйтүү максатында 2016-жылдын март-апрель айларында Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан мекеме, уюм жана жеке ишкерлер боюнча хронометраж жүргүзүлүп, тизмелери кайрадан такталып чыгылды.
Жыйынтыгында 4 ресторан, 107 коомдук тамактануу жайлары, 4 ун заводтор, 5 кондитердик цехтер, 34 навайкана, 14 нуска көчүрмө жана вебкассалар, 4 фото салондор, 14 фирмалар, 35 чачтарачканалар, 8 акча алмаштыруучу жайлар, 30 бут кийим оӊдоочу жайлар, 5 компьютер ойноочу жайлар, 28 аптекалар, 6 агроветаптека, 31 чайканалар, 6 пластик эшик жана терезелер даярдоочу ишканалар, 25 тигүү цехтери, 4 тыныке басып чыгаруу цехтери, 172 азык-түлүк дукөндөрү, 4 майжуваздар, 8 авто унаа жуучу жайлар, 36 авто унаа тетиктерин сатуучу жайлар, 14 дөӊгөлөктөрдү желимдөөчү жайлар, 17 май алмаштыруучу жайлар, 45 авто унаа оӊдоочу жайлар, 7 мончо, 65 касапканалар, 3 эстелик жасоочу жай, 8 авиакасса, 38 биллиард ойноочу жай, 9 ломбард, 4 ватачесалка, 2 заправка жана 17 кичи базарлардын ичинде 130 магазин, 410 контейнер, 37 ларек жана киосктор, 277 прилавкалар, “Пазилат” соода борборунда 29 соода дүкөндөрү калкка кызмат көрсөтүү багытында иш жүргүзүүдө жана алардын тейлөөсүнөн, кызмат көрсөтүүсүнөн 2016-жылдын 6 айынын ичинде 1457626,0 миӊ сомдук көлөмдөгү иштер аткарылды.
Салык жана бюджет боюнча:
2016-жылга Өзгөн шаарынын бюджети жалпысынан 74 млн 174 миӊ 600 сом өлчөмүндө бекитилген. Анын ичинен: салык жана салык эмес төлөмдөр 69324,6 миӊ сомду, ал эми атайын каражаттар 4850,0 миӊ сомду түзөт.
2016-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджетке салык жана салык эмес төлөмдөрдөн 39768,2 миӊ сом киреше жыйналып, бекитилген планга салыштырмалуу 4103,1 миӊ сомго ашыкча аткарылып, өсүү темпи 111,5% түздү.
2016-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен такталган планга салыштырмалуу жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн анализдеп көрсөк, салыктардын жана жыйымдардын 17 түрүнөн 14 түрүнун жеткирилген план тапшырмасы ашыгы менен аткарылды. Тактап айтканда, салык агенти төлөгөн киреше салыгы 726,4 миӊ сомго, милдеттүү патенттин негизиндеги салыктан 264,5 миӊ сомго, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык 919,4 миӊ сомго, транспорт салыгы 550,4 мин сомго, физикалык жактардан алынуучу жер салыгы 556,4 миӊ сомго, айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 31,6 миӊ сомго, айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 284,7 миӊ сомго, жер үчүн ижара акы 58,5 миӊ сомго, автотранспортторду парковкалоо үчүн алым 179,1 мин сомго, юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алымдан түшкөн киреше 425,5 миӊ сомго ашыкча өндүрүлдү. Ал эми салыктын 3 түрүнөн: бирдиктүү салык 131,6 миӊ сомго, сатуудан алынуучу салык 345,7 миӊ сомго, кыймылсыз мүлк үчүн салык 56,7 мин сомго планга салыштырмалуу кем аткарылды.
Урматтуу депутаттар! 2016-жылга карата жергиликтүү салыктарды тактап, план тапшырмаларды кварталдык комитеттердеги кожолуктар боюнча кошуп эсептөөдө (начисление), жалпы эле жергиликтүү салыктардын системасын жаӊыча нукка буруп иштөөдө шаар мэриясынын жыйымдар боюнча адистеринин жүргүзүп жаткан иштерине кеӊири токтолуп кетүүнү туура деп таптым.
Физикалык (огород) жер салыгы боюнча план 151,1 пайызга аткарылды же болбосо 539,9 миӊ сомго ашыкча аткарылды. Жеткирилген план 1056,2 миӊ сом болсо, аныгында 1596,1 миӊ сомго аткарылды.
Транспорт салыгы боюнча план 131,8 пайызга аткарылып, пландан ашыкча түшкөн сумма 604,1 миӊ сомду түздү. Жеткирилген план 1901,1 миӊ сомду түзгөн болсо, аныгында 2505,2 миӊ сомго аткарылды.
Ыктыярдуу патент боюнча план 109,2 пайызга же 1283,6 миӊ сомго ашыкча аткарылды. Жеткирилген план 13885,0 миӊ сом болсо, аныгында 15168,6 миӊ сомду түздү.
Милдеттүү патент боюнча план 126,7 пайызга же 296,4 миӊ сомго ашыкча аткарылды. Жеткирилген план 1108,5 миӊ сом болсо, аныгында 1404,9 миӊ сомду түздү.
Айыл чарбасына жараксыз жерлердин жер салыгы боюнча план 125,8 пайызга же болбосо 413,0 миӊ сомго ашыкча аткарылды. Жеткирилген план 1603,3 миӊ сом болсо, аныгында 2016,3 миӊ сомду түздү.
Арендага берилген жерлердин жер салыгы боюнча план 107,8 пайызга же болбосо 83,5 миӊ сомго ашыкча аткарылды. Жеткирилген план 1064,8 миӊ сом болсо, аныгында 1148,3 миӊ сомду түздү.
Урматтуу депутаттар! Өзүӊүздөр көрүп билип жүргөндөй, айрым бир себептер менен шаар мэриясына болжолдуу жеткирилген 20 түрдүү салыктар жана жыйымдардын ичинен жыл сайын салыктын 2 түрүнөн планга чыга албай келе жатабыз. Атап айтканда бирдиктүү салыктан 117,6 миӊ сомго, кыймылсыз мүлк салыгынан 113,7 миӊ сомго план аткарылбай калды. Себебин иликтегенде, салыктын аталган түрлөрү боюнча отчет тапшырган ишканалар (менчигинин түрүнө карабастан) отчетторун райондук салык кызматына тапшыргандыктарына байланыштуу алардын канча салык төлөп жаткандыгын аныктоо кыйынга туруп, бизде маалымат жок болууда. Мэрия райондук салык инспекциясына ушул багыттагы иштерди тактап берүү боюнча бир нече ирет кайрылганыбыз менен, алар тактап тизме бере алышкан жок.
Биз жакынкы арада шаардын салык базасын бекемдөө боюнча бир топ иш чараларды пландаштырып ишке ашырууну көздөп жатабыз. Биринчи кезекте салык системасынын программасын киргизүүбүз зарыл. Азыркы учурда ушундай программанын негизинде Кара-Суу, Ноокат шаарларынын мэриялары иш алып барууда. Программаны киргизүү менен биз шаардын бюджетине канча салык түшүп жаткандыгы боюнча коомчулук үчүн ачык айкындуулукту камсыздай алабыз. Маселен, Сиздер да киргизилген программанын негизинде салык төлөмдөрү боюнча толук маалыматты каалаган мезгилде алсаӊыздар болот. Ошону менен катар кварталдык комитеттердин төрагалары, программага ылайык өзүнүн аймагындагы жашоочулардын кимиси салык төлөбөй жаткандыгы боюнча анализ чыгара алат. Бул милдетти турмушка ашырууда шаардагы салык төлөөчүлөрдүн баарын компьютерге түшүрүү, жыйымдар боюнча адистердин баарын компьютер менен камсыздоо, салык төлөмдөрүнүн төлөнүшүн көзөмөлгө алуу, салык төлөөчүлөрдү өз убагында салык төлөөгө үйрөтүү иштери жөнгө салынмакчы. Каражат чечилсе, атайын адистердин көмөгү менен программаны киргизип алсак болот. Ар бир адиске 5 тен кварталдык комитет туура келет, алар кварталдагы салык төлөөчүлөрдү эле эсепке алышпастан, анын аймагындагы коммерциялык структуралардын баарын эсепке алууга мүмкүндүк алат, алардын канчасы отчет менен иштейт, канчасы патент менен иштейт, жаӊы салык төлөөчүлөрдү аныктоого да жакшы шарт түзүлөт. Биз салык базасын чыӊдоого кам көрбөсөк, бюджеттин киреше булагын көбөйтүүгө мүмкүнчүүлүк түзүлбөй тургандыгы белгилүү.
Чекене товар жүгүртүү боюнча 2016-жыл 6 айынын жыйынтыгында чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 1457626,0 миӊ сомго жетти, бул көрсөткүч 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 101,7 пайызга өстү.
Өзгөн шаарында 2016-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен 365 тонна эт өндүрүлүп, 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 101,4 пайызды түздү. 1700 тонна сүт өндүрүлүп, 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 102,0 пайызга өстү. 353 миӊ даана жумуртка өндүрүлүп, 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 101,4 пайызга өстү.
Шаарда аткарылган иштер:
Урматтуу депутаттар, 2016-жылдын 6 айында шаарда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Өзгөн шаардык Кеӊеши тарабынан 2016-жылга карата Өзгөн шаарында аткарылуучу иштердин бекитилип берилген титулдук тизмесине ылайык 2016-жылдын 6 айында шаардын аймагында төмөндөгү иштер аткарылды (2016-жылга титулдук тизме 38 млн 97 миӊ 800 сом өлчөмүндө бекитилген):
-шаардын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында жарыяланган 3 айлыктын алкагында 800 түп можжевельник, 300 түп сосна жана 300 түп ак кайыӊ дарагы шаардын белгиленген көчөлөрүндөгү жолдордун жээктерине олтургузулду, көчөттөрдү сатып алууга жалпысы болуп 480,0 миӊ сом акча каражаты жумшалды жана алардын көгөрүп өсүшү үчүн тийиштүү шарттарды көрүү жагы кварталдык комитеттердин төрагаларына тапшырылды.
-Шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан борбордук китепкананын алдында стихиялуу түрдө пайда болгон автоунаа токтоочу жай ээлеген жер тилкеси МММБ департаменти тарабынан автоунаалардан бошотулуп, гүл көчөттөрүн отургузуу үчүн атайын топурак ташылып, даярдалды жана шаардын көркүнө көрк бере турган гүлдөр олтургузулду. Ошондой эле райондук маданият үйү менен райондук ички иштер бөлүмүнүн чек арасында жайгашкан №39 кварталдагы жер тилкеси тосмолонуп, кооз гүлдөр эгилип, скамейкалар жасатылды, аталган жумуштарды аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 315,9 миӊ сом сарпталды.
-138,0 мин сом кара топурак сатып алууга;
-65,0 миӊ сом темир тосмо жана скамейкалар үчүн;
-96,0 мин сом гүл көчөттөрүн сатып алууга;
16,9 мин сом РИИБнүн алдындагы жерге мамлекеттик акт жасатуу үчүн жумшалды. Шаардын аймагына гүл олтургузуу жана суу айлампасын оӊдоо максатындагы иштерди аткаруу үчүн 60,0 миӊ сом «Өзгөн Тазалык» муниципалдык ишканасына которулуп берилди.
Өзгөн шаарынын аймагындагы ирригациялык түйүндөрдү калыбына келтирүү, оӊдоо жана жаӊы орнотуу иштери колго алынды жана жалпысы болуп 1341,0 миӊ сомдук жумуштар аткарылды. Анын ичинен: атап айтканда Сельская, Маллабеков, Мукумий, Амур Темур көчөлөрүндөгү ирригациялык тармактары оӊдоп-түзөтүүдөн өткөрүлдү, жалпысынан 169 рейс шагыл ташылып төгүлүп берилди жана ага 237,6 миӊ сом акча каражаты төлөнүп берилди. Аталган көчөлөрдүн ирригациялык түйүндөрүн толук оӊдоо үчүн курулуш материалдарын алууга 229,0 мин сом, цемент сатып алуу үчүн 436,5 мин сом, “Жаны-Хаят” кварталындагы эски түтүктөрдү казып алып, көчөлөрдөгү белгиленген жерлерге орнотуу үчүн 100,9 мин сом, кыш мезгилинде шаардын борбордук көчөлөрүн кардан тазалоо иштерине 67,0 мин сом акча каражаты жумшалды.
Ошондой эле ушул тармактагы иштерди улантуу үчүн «ЮКСМ» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 50 тонна цемент 270,0 миӊ сомго сатып алынды.
“Жаӊы-Өзгөн” кварталынын аймагындагы А.Мойдунов көчөсүнүн тургундарынын суроо талабын канаатттандыруу максатында 94,5 миӊ сомго жеке ишкер З.Исаковдон полиэтилен суу түтүкчөлөрү сатып алынып орнотулду. Жалпысынан жумшалган акча каражатынын суммасы 454,1 миӊ сомду түздү.
Шаардын аймагын аралап агып өткөн Фархад каналын тазалоо иштерин уюштуруу боюнча жүк ташуучу жана атайын техника үчүн күйүүчү май сатып алууга 25,9 миӊ сом акча каражаты сарпталды.
Шаардын аймагындагы көчөлөргө орнотулган түнкү жарыткычтардын күйүп калган лампочкаларын алмаштыруу үчүн 100 даана электр лампочкалары 35,0 миӊ сомго сатып алынып, алар негизинен Амир Темур, Манас, Гагарин көчөлөрүнө орнотулду. Шаардагы жол чырактарды (светофорлорду) оӊдоп түзөө үчүн 20,2 миӊ сом сарпталды.
Кыргыз Республикасынын Туусунун кабыл алынган күнүнө, мамлекетибиздин Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата жеке ишкер А.Жолдошев тарабынан Н.Азнабакиев атындагы эс алуу багынын аймагына бийиктиги 23 метрди түзгөн, диаметри 30 сантиметр болгон темирден флагшток жасалып, анын салтанаттуу ачылышы 5-март күнү болуп өттү. Аны жасоо үчүн 199,0 миӊ сом акча каражаты каржыланды.
Флагштокту орнотууга 300 чарчы метр жер тилкесине бетон (стяжка) куюп бергендиги үчүн 41,5 миӊ сом акча каражаты жеке ишкер Б.Артыковго бөлүнүп берилди.
Кыргыз Республикасынын 6х9м өлчөмүндөгү Туусу жеке ишкер Н. Насыр-Ахуновага атайын буйрутма берилип, 32,5 миӊ сомго даярдалып алынды. Жалпысынан 288,0 миӊ сом акча каражаты сарпталды.
Кыргыз Республикасынын Туусун орнотуу үчүн сеткамах, скверди тосууга, светофорлор менен түнкү электр жарык берүүнү жердештирүүгө зым сатып алууга 98,7 миӊ сом жумшалды.
-Өзгөн шаарынын көчөлөрүндөгү жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо максатында, атап айтканда Манас, Мирзарахимов, Гагарин, Сельская, Набиева, Маллабеков, Амур Темур көчөлөрүндөгү жолдорго «лежачий полицейский» орнотууга 40,8 миӊ сом акча каражаты сарпталды.
-Жүзүмзар кварталындагы Саидов көчөсүндө жайгашкан мечитке мамлекеттик акт даярдатууга 14,6 миӊ сом, Жаӊы Өзгөн кварталына жаӊы электр трансформаторун орнотууга жер тандоо үчүн ИТШ жасатууга 18,3 миӊ сом, мамлекеттик акт алууга 19,4 миӊ сом, «/ч-Дөбө» кварталындагы мечитке мамлекеттик акт алууга 9,6 миӊ сом каржыланды.
Өзгөн РИИБнүн жанындагы шаардын №39 кварталында жайгашкан сквер ээлеген жер тилкесине мамлекеттик акт алуу үчүн 16,9 миӊ сом сарпталды.
Шаардагы Токтогул көчөсүндөгү узуну 685 метр, туурасы 5 метрди жолду, 6 сантиметр калыӊдыкта асфальттоо үчүн 2598,0 миӊ сомго келишим түзүлүп, ал суммадан 1299,0 миӊ сом акча каражаты төлөнүп берилди.
Волков жана Панфилов көчөлөрүндөгү узуну 650 метр, туурасы 7 метр жолду 6 сантиметр калыӊдыкта асфальттоо үчүн 4342,7 миӊ сомго келишим түзүлүп, ал суммадан 1765,7 миӊ сом акча каражаты төлөнүп берилди. Калган төлөнүүчү сумма 2017-жылдын II, III кварталында жумуш аткаруучунун эсебине которулуп берилмекчи.
Ленин көчөсүнүн Манас жана Кошиев көчөлөрү менен кесилишкен ортолугундагы узундугу 254 метрди, туурасы 7 метрди, калыӊдыгы 6 см түзгөн бөлүгүн асфальттоо үчүн 1857,4 миӊ сомго келишим түзүлүп аталган жумуш толугу менен аткарылды. Төлөнүүчү акча каражаты 2017-жылдын II, III кварталында төлөнүп берилет.
Бабур Мирзо көчөсүнүн Амир Темур көчөсү менен кесилишкен жеринен баштап 435 метр участогун асфальттоо үчүн 1548,0 миӊ сомго келишим түзүлүп, аталган жумуш толугу менен аткарылды. Аткарылган жумуш үчүн акча каражаты 2017-жылдын II, III кварталдарында төлөнүп берилет.
«Жаӊы Өзгөн» кварталынын калкынын турмуш шартын жакшыртуу максатында жаӊы көмөкчү чордонун (трансформатор) (КТП) сатып алып орнотууда ПРООН тарабынан 228,0 миӊ сом акча каражаты каржыланды, ал эми жергиликтүү бюджеттен 96,9 миӊ сом акча каражаты каржыланып берилмекчи.
Шаар куруу жана архитектура башкармалыгына ар түрдүү багытта жасалган иш кагаздары үчүн 200,0 миӊ сом өткөрүлүп берилди. Ошону менен бирге шаардын Сельская, Ленин, Жаш Гвардия, Бегельдинов, Абдувахидов, Маданият, Кошиев көчөлөрүндөгү түнкү жарык берүүлөргө, шаардагы жол чырактарга ИТШ даярдатуу үчүн 72,5 миӊ сом акча төлөнүп берилди.
Урматтуу депутаттар, Өзүӊүздөр билгендей Президентибиз А.Атамбаев тарабынан үстүбүздөгү жыл мамлекетибизде «Тарых жана маданият жылы» деп жарыяланган. Ошого байланыштуу, шаарыбыздагы архитектуралык-археологиялык комплекске жакын жерге тарых музейинин имаратын куруу иштери башталып, ага колдоо көрсөтүү максатында 300,0 миӊ сом акча каражаты райондук мамлекеттик администрацияга которулуп берилди.
Ошону менен катар, жыл сайын шаардагы ички көчөлөрдөгү жолдорду асфальттоо иштери колго алынып келүүдө, үстүбүздөгү жылдын 6 айы ичинде шаардагы көчөлөрдөгү жолдордун 4 километрин асфальттоо долбоорун даярдоо үчүн 150,0 миӊ сом, Манас көчөсүндөгү «Кыргызтелеком» ЖАКнун Өзгөн райондук бөлүмүнүн имаратынан Н.Азнабакиев эс алуу багына чейинки 6540 м2 жол жээгиндеги тратуарлардын долбоорун даярдоо 35,0 миӊ сом, Мавлянов көчөсүндөгү 450 метр аралыктагы жолду, Гапаров көчөсүнүн 1020 метр аралыктагы жолду асфальттоо үчүн долбоорун даярдоого 70.0 миӊ сом, мындан сырткары Шайхзода, Каххар, Венера, Маданият, Стаханов, Нуриддинов, Брежнев, Совет, Ленин көчөлөрүндөгү жолдорду асфальттоо боюнча долбоорун даярдоо үчүн 165,0 миӊ сом, «Ай Шоола» балдар бакчасынын канализация түтүктөрүн оӊдоо иштеринин сметасын даярдатууга 20,0 миӊ сом сарпталды.
Шаардын аймагындагы жаӊы конуштарды жана эскилиги жеткен электр мамычаларын алмаштырып, орнотуу үчүн 100 даана электр мамычалары сатылып алынып, 736,0 миӊ акча каражаты «Кок Тонду» ЖЧКнын эсебине которулуп берилди. Сатып алынган электр мамычалары шаар мэриясынын алдында түзүлгөн комиссия мүчөлөрү аркылуу бөлүштүрүлүп, андан ары орнотуу жагын көзөмөлгө алуу жагы кварталдык комитеттеринин төрагаларына тапшырылды.
Шаардын аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу, кооздоо максатында маданият үйүнүн жана райондук ички иштер бөлүмүнүн чек араларынын айланасын темир тосмо менен тосуу үчүн курулуш материалдарын сатып алууга 65,0 миӊ сом акча каражаты жумшалды.
Өзгөн шаардык бириктирилген аскердик комиссариатынын жетекчилигинин кайрылуусунун негизинде көмөк көрсөтүлүп, аскер комиссариатынын имаратынын терезелерине жалюзи даярдатууга 50,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Шаардагы Сельская, Ленин, Жаш Гвардия, Бегельдинов, Абдувахидов, Маданият, Кошиев көчөлөрүндөгү түнкү жарыткычтарды, Жаӊы Хаят кварталынын аймагына курулган ФАПтын жана жол чырактарды лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү үчүн 25,0 миӊ сом акча каражаты сарпталды.
Шаардагы №8 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин аймагынын кире бериш жерине темир тосмо орнотуу жана мектептин имаратынын кире бериш жериндеги (айбанчасында) потологун жаӊылоо иштери үчүн 133,7 миӊ сом акча каражаты сарпталды.
Ленин көчөсүндөгү скверге гүл көчөттөрүн алып олтургузуу үчүн 96,0 миӊ сом акча каражаты жумшалды.
Урматтуу депутаттар, Өткөн жылы аткарылган иштер үчүн үстүбүздөгү жылдын 6 айы ичинде төлөнгөн каражаттар тууралуу кеӊири айта кетейин. Жалпысынан 2015-жылдагы жолдорду асфальттоо жумуштарынын аткарылгандыгы үчүн 8773,0 миӊ сом акча каражаты төлөнүп берилди. Атап айтсак, «Тома" жоопкерчилиги чектелген коому аркылуу Н.Азнабакиев эс алуу сейил багынын аймагына автоунаа токтоочу жайды жасап, ыӊгайлаштыруу үчүн ал жерден 476 рейс топурак ташылып чыгылды жана ага 499,8 миӊ сом акча каражаты жумшалды.
А.Навои мектебинин короосун жана окуучулар тамактануучу ашканасынын алдын асфальтоо иштерине 52,5 миӊ сом акча каражаты;
Н.Азнабакиев эс алуу паркындагы автоунаалардын токтоочу жайын асфальттоого жана ар кандай иш чараларды, аземдерди өткөрүүчү жайды асфальттоого асфальт сатып алуу үчүн 499,3 миӊ сом акча каражаты;
Кайрагач, Сагдиана жана Фергана көчөлөрүндөгү жолдорго асфальт төшөө үчүн 489,7 миӊ сом, «Мажрум-Тал» кварталындагы Хаджаев көчөсүндөгү жолдун асфальттоо иштерине 499,5 миӊ сом акча каражаты;
"Таштак" кварталындагы Маллабеков көчөсүнүн кесилишиндеги көчөдөгү жолго асфальт төшөө үчүн 299,2 миӊ сом акча каражаты;
"Сараксий", "Жүзүмзар" жана "Кылыч Бурханидин" көчөлөрүнө шагыл төгүү иштерин жүргүзүүгө 57,6 миӊ сом акча каражаты;
Манас көчөсүнүн жана Өзгөн райондук ооруканасы менен кесилишкен жерди (сьезд, тратуар) асфальтоо иштери үчүн 44,8 миӊ сом акча каражаты;
А.Навои көчөсүндөгү жолду кошумча асфальтоо иштери, Мирзарахимов, А.Навои көчөлөрүндөгү жолдордун кесилишинен баштап С.Шарипов атындагы орто мектебинин имаратына чейинки 773 М2 жерди асфальттоо үчүн 592,4 миӊ сом акча каражаты;
Ленин көчөсүндөгү жолду кошумча асфальтоого 145,2 миӊ сом акча каражаты;
"Жаны-Турмуш" кварталында Манас-А.Навои көчөлөрүндөгү жолдордун кесилиштерин, "Кумдук" кварталындагы Манас-Матисаев көчөлөрүндөгү жолдордун кесилиштерин асфальттоо үчүн 182,7 миӊ сом акча каражаты;
Жуков, С.Каримов жана Матисаев көчөлөрүндөгү жолдорду тегиздөө үчүн 90 рейс шагылды ташууга 144,0 миӊ сом акча каражаты;
Маллабеков, Набиев, Сельская көчөлөрүндөгү жолдорду асфальттоо жана жакабелдерине шагыл жайуу үчүн 490,4 миӊ сом акча каражаты;
А.Навои көчөсүндөгү 16 сьездерди асфальттоо үчүн 361,2 миӊ сом акча каражаты;
«Төрт-Көчө» кварталындагы Тайгараев көчөсүндөгү жолдун бөлүгүн ондоп жана түбүн даярдоого 31 рейс шагыл төгүү үчүн 49,6 миӊ сом акча каражаты;
Шаар көчөлөрүнүн инфраструктурасын оӊдоо үчүн 60 тонна 4200 сомдон асфальт сатып алууга 252,0 миӊ сом акча каражаты;
«Борбор» кварталындагы жаӊыдан ачыла турган жолду грейдерлөө, укатка жана 83 рейс шагыл ташып төгүү үчүн 132,8 миӊ сом акча каражаты;
А.Навои көчөсүнүн калган бөлүгүндөгү дөӊдү пасайтуу жана шагыл ташып оӊдоо жумуштарына 153,6 миӊ сом акча каражаты;
"Таштак" кварталындагы Маллабеков көчөсүндөгү көпүрөнү ондоп жана жолдун эки жагына шагыл төгүүгө 40,0 миӊ сом акча каражаты;
Дзержинский, /ч-Дөбө, Токтогул көчөлөрүндөгү жолдорго шагыл ташуу жана автогрейдер менен тегиздөө үчүн 85,6 миӊ сом акча каражаты;
Токтогул көчөсүндөгү жолго 48 рейс шагыл ташуу, автогрейдер менен жайуу үчүн 251,1 мин сом акча каражаты;
Дзержинский көчөсүндөгү балдар аянтчасын автогрейдер менен тегиздөөгө шебень, шагыл төгүү үчүн 27,6 миӊ сом, /ч-Дөбө кварталындагы Гагарин көчөсүндөгү кесилишин асфальтоого 147,0 миӊ сом акча каражаты;
Жаны-Хаят жана /ч-Дөбө кварталында автогрейдер менен тегиздөө жана отсев, шагыл, оптим смесь ташып жеткирүү үчүн 144,7 миӊ сом акча каражаты;
Улукбек кварталындагы Ала-Тоо көчөсүнө шагыл ташып үстүнө чакыч чачуу үчүн 120,4 миӊ сом акча каражаты;
Кайрагач, Сельская көчөсүндөгү жолдон Газовой участкасына чейинки аралыкка шагыл төгүүгө 252,8 миӊ сом акча каражаты;
Гагарин көчөсүндөгү жолдордун сьездерин асфальтоо үчүн 519,7 миӊ сом акча каражаты;
Маллабеков көчөсүндөгү жолду асфальтоо үчүн 422,2 миӊ сом акча каражаты;
Маллабеков-Скрябина көчөсүндөгү жолдордун кесилишинен баштап А.Навои атындагы орто мектебинин имаратына чейинки 204 метр аралыктагы жолду асфальттоо үчүн 459,0 миӊ сом акча каражаты;
Өзгөн шаарынын ирригациялык тармагын ондоо максатында 452 тонна отсев, 35 тонна шебень сатып алууга 213,9 миӊ сом акча каражаты;
Ленин, Навои көчөлөрүндөгү жолдорду асфальттоо үчүн калдык 694,0 миӊ сом акча каражаты;
2014-жылдагы Кошиев көчөсүндөгү кошумча жумуштар үчүн 108,4 мин сом, Маллабеков көчөсүн асфальттоого 249,9 миӊ сомдук жумуштар «Токошев» жоопкерчилиги чектелген коому аркылуу аткарылды.
Ала-Тоо көчөсүндөгү жолдун 180 метр аралыгына асфальт жаткыруу үчүн асфальт сатып алуу жана жеткизүү иштерине 499,8 миӊ сом акча каражаты;
Пайзабад кварталдык комитетинин аймагындагы Бишкек жана Мукумий көчөлөрүндөгү жолдорду автогрейдер менен тегиздөө үчүн 101,6 миӊ сом акча каражаты;
«Кумдук» «Жүзүмзар» кварталдарынын ирригациялык тармактарын калыбына келтирү максатында, лоток орнотуу үчүн цемент, арматура, сетка мах курулуш материалдарын сатып алууга 179,1 миӊ сом акча каражаты;
«Кайрагач», «/ч-Дөбө» кварталындагы Гагарин көчөсүндөгү ирригациялык түйүндөрдү оӊдоо үчүн шагыл төгүүгө 67,2 миӊ сом акча каражаты, асбест, труба сатып алууга 103,3 миӊ сом, цемент сатып алууга 36,4 миӊ сом акча каражаты төлөнүп берилди.
А.Навои атындагы орто мектебинин окуучуларынын тамактануусу үчүн ашканасынын имаратын курууга жеке ишкер А. Узаковдун эсеп кысабына 251,0 миӊ сом акча каражаты, эшик-терезелерин орнотууга 120,1 мин сом акча каражаты жеке ишкер Азамовдун эсеп-кысабына которулуп берилди.
Бабур атындагы орто мектебинин имаратынын сырткы дубалдарын оӊдоо максатында 85,3 миӊ сом акча каражаты жеке ишкер М.Абдуллаевдин эсеп-кысабына которулду.
Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин от казаны жайгашкан имаратынын чатырын жабуу үчүн 247,7 миӊ сом акча каражаты жеке ишкер Х.Мавляновдун эсеп-кысабына которулуп берилди.
Өзгөн шаарынын аймагындагы ички көчөлөрдүн жолдорун оӊдоо (ямочный ремонт) максатында ДЭП-5 ишканасына аткарылган жумуштар үчүн 93,3 миӊ сом төлөнүп берилди.
Н.Азнабакиев атындагы эс алуу багына автоунаа токтоочу жана азем өткөрүлүүчү жайлардын асфальттоо иштерин аягына чыгаруу үчүн «Мамат компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун эсеп-кысабына 284,8 миӊ сом акча каражаты которулуп берилди.
Урматтуу депутаттар, 2016-жылдын 1-июлуна карата жалпысынан 6963,2 миӊ сомдук жумуш аткарылды, ал эми 2015-жылы аткарылган жумуштар үчүн калган карыздан 12307,0 миӊ сом акча каражаты төлөнүп берилди. Жалпысынан жергиликтүү бюджеттен 19271,0 миӊ сом каржыланды.
2016-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаменти менен муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарада пайдалануу боюнча атуулдар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде 1385,2 миӊ сом пландаштырылган болсо, аныгында 1164,7 миӊ сом өндүрүлүп, 2016-жылдын 1-июлуна карата 220,5 миӊ сом кем өндүрүлдү.
Бул карыздарды өндүрүү боюнча МММБ департаменти тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүүдө.
2016-жылдын 6 айында муниципалдык жер тилкелеринен ижарада пайдалануу боюнча жалпысынан 404 атуулдан арыз түшүп, анын ичинен 352 арызга жооп берилди, 4 арыздын ээлери арыздарын кайтарып алды, 14 арыз каралуу стадиясында, ал эми 32 атуулдун арыздары боюнча тийиштүү документтер комиссиянын отурумунда каралуу үчүн даярдалууда.
2016-жылдын 6 айында мамлекеттик сатып алуулар боюнча 21505,2 миӊ сомдук иштерди аткаруу үчүн 21 тендер жарыяланып, анын ичинен 16473,1 мин сомдук иштерди аткарууга жопкерчилиги чектелген коомдор жана жеке ишкерлер утушка ээ болушту жана иштерди аткарышууда. Сметада көрсөтүлгөн суммадан 5032,0 миӊ сом акча каражатын үнөмдөөгө жетишилди.
Билим берүү тармагы боюнча:
Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүндө 7 орто мектеп, 1 мектеп-гимназиясы, 3 мектепке чейинки жана 3 мектептен сырткаркы окуу-тарбия мекемелери бар. Окутуу негизинен 1 мектепте кыргыз тилинде, 1 мектепте кыргыз-өзбек тилинде,
1 мектепте орус тилинде, 1 мектепте орус-өзбек тилинде, 4 мектепте өзбек тилинде алып барылат. Алардан 4 өзбек тилинде окутула турган мектептердин башталгыч класстарында 12 класс комплектиндеги 291 окуучуга окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.
1.Мугалимдер жана окуучулар боюнча:
Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүндө 890 мугалим тарификациядан өткөн, алардан 548 (63,7%) мугалим жогорку, 113(13,1%) мугалим атайын орто билимге ээ болуп, учурда бир канча мугалимдер жогорку окуу жайларында сырттан билим алууда. Билим берүү мекемелеринде вакант эсебинен 9 мугалим (физика, химия, музыка, дене тарбия предметтеринен) жетишпейт.
Мектептерди педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу максатында Балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбия клубунда иштеп жаткан 6 тренер дене тарбия боюнча жогорку окуу жайына, 11-кластын 4 бүтүрүүчүсү педагогика боюнча жогорку окуу жайларына окууга кирди.
2015-2016-окуу жылында мектептерде жалпы 11738 окуучу болуп, алар 398 класста таалим – тарбия алууда. Алардан 31 класс комлектинде 864 окуучу даярдоо класстын окуучулары: 1-4 класстын 173 класс комплектинде 5149 окуучу, 5-9 классты 166 класс комплектинде 4976 окуучу, 10-11 класстын 28 класс комплектинде 749 окуучу, бир класстагы окуучулардын орточо саны 29,6 адамды түзөт.
2015-2016- окуу жылынын 4-чейрегинин жыйынтыгы боюнча 1381 окуучу (14,7%) «5» баага, 3247 окуучу (34,5 %) «4» баага, 4711 окуучу (50 % ) «3» баага, 71 окуучу (0,8%) «2» баага өздөштүрдү, окуучулардын билим сапаты 49,9 % ды түздү.
2014-2015-окуу жылында 11-классты 350 бүтүрүүчү аяктап, алардын ичинен 70 бүтүрүүчү жогорку окуу жайына, 46 бүтүрүүчү атайын орто окуу жайына, 26 бүтүрүүчү ар түрдүү курстарга окууга кирген.
Окуучуларды облустук олимпиадага жана жалпы республикалык тестке даярдоо максатында, 2016-жылдын январь, февраль, март жана апрель айларында ар бир мектепте, балдардын билим борборунда кошумча сабактар уюштурулду.
2015-жылдын ноябрь айында жана 2016-жылдын февраль, апрель айында окуучуларды тест суроолору менен иштөөгө үйрөтүү максатында Бабур атындагы орто мектептин базасында 9-10-11-класстын окуучулары үчүн ыктыярдуу көнүгүү тест сынагы өткөрүлүп, ага жалпы 752 окуучу катышты.
Окуучулар олимпиадалык борборлордо жана балдарга билим берүү борборунда кошумча билим алды.
2016-жылдын май айында жалпы республикалык тест өткөрүлдү.
Жалпы Республикалык тестке 218 бүтүрүүчү катышып, анын ичинен:
-Салижан Шарипов атындагы орто мектептен 66 бүтүрүүчүдөн 47 бүтүрүүчү тестке катышып, 13 бүтүрүүчү 110 балдан ашык балга ээ болду. Эн жогорку балды Турганалы кызы Робия(158 б), Нишанбаева Мухтарампаша (157 б), Ходжахунова Ситора (145 б), Абдазова Огилой (143 б) ээледи. Өткөн окуу жылында 110 балдан ашык бал алгандандын саны -12;
-В.И.Ленин атындагы орто мектептен 54 бүтүрүүчүдөн 24 бүтүрүүчү тестке катышып, 1 бүтүрүүчү 110 балдан ашык баалга ээ болду. Эн жогорку балды Исроилжон кызы Мухлиса(124 б), ээледи. Өткөн окуу жылында 110 балдан ашык бал алгандардын саны -2;
-Бабур атындагы орто мектептен 26 бүтүрүүчүдөн 17 бүтүрүүчү тестке катышып, 4 бүтүрүүчү 110 балдан ашык баллга ээ болду. Эн жогорку баллды Солижанова М.(115 б), Косимжанов А (112 б), Марифжонов О (110 б), Валижон угли О (110 б) ээледи. Өткөн окуу жылында 110 балдан ашык бал алгандардын саны -1;
-Чынгыз Айтматов атындагы орто мектептен 93 бүтүрүүчүдөн 41 бүтүрүүчү тестке катышып, 5 бүтүрүүчү 110 балдан ашык баалга ээ болду. Эн жогорку балды Хурулбаева Рахима(121 б), Адилова Машхура (121 б), Каримов Ислом (120 б), Илхомжон угли Умаржон (120 б) ээледи. Өткөн окуу жылында 110 баллдан ашык балл алгандандын саны -4;
-Амир Темур атындагы орто мектептен 48 бүтүрүүчүдөн 18 бүтүрүүчү тестке катышып, 3 бүтүрүүчү 110 балдан ашык баллга ээ болду. Эн жогорку баллды Исмоилжонова Фотимахон(135 б), Махмуджон кызы Санобархон (124 б), Исмоилжонова Зухрахон (117 б) алды. Өткөн окуу жылында 110 баллдан ашык балл алгандардын саны -1;
-Алишер Навои атындагы орто мектептен 48 бүтүрүүчүдөн 21 бүтүрүүчү тестке катышып, 6 бүтүрүүчү 110 баллдан ашык баллга ээ болду. Эн жогорку баллды Сатибалдиев Соибжон (145 б), Юлдашбаева Гулирухсор (132 б), Муминова Нафисахон (131 б), Мамитов Абдулфаттох (121б) ээледи. Өткөн окуу жылында 110 баллдан ашык балл алгандардын саны -3;
-№7 мектеп-гимназиясында 14 бүтүрүүчүдөн 14 бүтүрүүчү тестке катышып, 9 бүтүрүүчү 110 балдан ашык балга ээ болду. Эн жогорку баллды Мирзаева Мохларойим (155 б), Сатаров Абдулхамид (133 б), Фатхулло кызы Мухлисахон (127 б) ээледи. Өткөн окуу жылында 110 балдан ашык балл алгандардын саны -4;
-Курманжан датка атындагы орто мектептен 43 бүтүрүүчүдөн 36 бүтүрүүчү тестке катышып, 21 бүтүрүүчү 110 баллдан ашык баллга ээ болду. Эн жогорку баллды Асанова Аделья (170 б), Калмамтов Жумабек (168 б), Бактыбек уулу Элистан (163 б), Кадыркулова Мээрим (155 б), Нурпазыл уулу Нуржакып (154 б) ээледи. Өткөн окуу жылында 110 баллдан ашык бал алгандардын саны -14;
Жалпы Республикалык тесттин жыйынтыгы 2014-2015-окуу жылы менен салыштырганда, өткөн окуу жылында 350 бүтүрүүчүдөн 214 бүтүрүүчү (61,1 %) тестке катышып, 110 баллдан жогорку баллды 41(19,1 %) бүтүрүүчү алып, эн жогорку баллды Салижан Шарипов атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Жунусалиева Элиза (159 б) алган.
2015-2016 окуу жылында болсо, 396 бүтүрүүчүдөн 218 бүтүрүүчү (55,1 %) тестке катышып, 110 баллдан жогорку баллды 62 (28,4 %) бүтүрүүчү алып, эн жогорку баллды Курманжан датка атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Асанова Аделья (170 б) алган. Башкача айтканда шаардык билим берүү бөлүмү боюнча 110 баллдан жогорку баллды ээлегендердин саны мурдагы жылга салыштырмалуу 9,3 % ке өскөн.
«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын өткөрүү жөнүндө» Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмү 2016-жылдын 27-январындагы №4/1 буйругу менен иш планын түзүп, бардык билим берүү мекемелерине жеткирген. Ушул иш пландын негизинде 2016-жылдын февраль айында В.И.Ленин атындагы орто мектепте Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата, март айында Курманжан датка атындагы орто мектепте Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына байланышкан Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн жана трагедиясынын 100 жылдыгына карата жана Чынгыз Айтматов атындагы орто мектепте Кыргыз АССР нин 90 жылдыгына арнап, ачык сабактар, сахналыштырылган адабий кечелер өткөрүлдү. Бул иш чарага мектеп жамааттарынын, ата-энелер комитетинин өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан, депутаттардан өкүлдөр жана кварталдык комитеттин төрагалары катышты.
В.И.Ленин атындагы орто мектеп педагогикалык жамааты 2015-2016-окуу жылында “Көп тилдүү“ Билим берүү программасынын негизинде иш жүргүздү. Ушул программа боюнча 15 мугалим билимин өркүндөттү, 4 эксперименталдык класс ачылды жана бир канча жолу семинарлар өткөрүлдү.
Облуста өткөрүлгөн “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашка кыргыз тили жана адабияты мугалими К.Каримжанованын жетекчилигинде катышкан окуучулар 3-орунду ээлеп 5000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.
Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмү 2016-жылдын 24-февралында «2016-жыл –Тарых жана маданият жылына» №10/2 буйругу менен иш планын түзүп. бардык билим берүү мекемелерине жеткирген. Ушул иш пландын негизинде билим берүү мекемелеринде ар түрдүү класстан тышкаркы иштер, тарбиялык сааттар, тегерек столдор өткөрүлүүдө. Мындан сырткары мектеп окуучулары менен тарыхый эстеликтер бар жерлерге экскурсиялар, фотостенддер, музейлер уюштурулду.
№7 мектеп-гимназиясында 2015-2016-окуу жылында «Инсанга багытталган билим берүү», «Формативдик баалоонун өзгөчөлүктөрү», «Заманбап технологияларды сабакта пайдалануу», «Портфолио окутуунун жыйынтыктарын баалоонун альтернативдүү формасы», «Заманбап сабактын планы» деген темаларда мугалимдер арасында тажрыйбалуу мугалимдер семинар өткөрүп, фотостенддер уюштурулду.
«Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүчү мектептеринин 11-класс окуучуларынын программалоо боюнча Республикалык мелдешин өткөрүү жөнүндөгү» 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 464/1 буйругунун негизинде 2016-жылдын 16-апрель күнү В.И.Ленин атындагы орто мектепте өткөрүлгөн олимпиадага Өзгөн шаарынан 127 окуучу катышты.
2.Окуу китептери менен камсыздоо боюнча:
Окуучулардын китеп менен камсыз болушу шаардык билим берүү бөлүмү боюнча 80,3 %ти түзүп, окутуунун тили боюнча төмөндөгүчө:
- окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектепте -76 %
- окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектепте - 85 %
- окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектепте - 79 %
- 2015- жылда жалпы 23 аталыштагы 10225 даана, ал эми 2016-жылдын январь айынан апрель айына чейин 10 аталыштагы 3180 даана окуу китептери жана ар түрдүү колдонмолор алынды.
Мектептерде жалпы 149 даана компьютер бар. Окуучунун жалпы саны боюнча эсептегенде 0,016 % ти, информатика сабагы окутула турган (7-9-класс) класстардагы окуучунун саны боюнча эсептегенде 0,062 % ти түзөт.
3.Башталгыч класстарынын окуучуларынын тамак-ашы
боюнча:
2015-2016-окуу жылынын 1-жарым жылында тендердин женүүчүсү жеке ишкер «Арыкбаева» тарабынан 5149 окуучуга 2 млн 466 мин 500 сомдук, 2-жарым жылында 2 млн 223 мин 956 сомдук тамак-аш берилген. Мектеп жамааттары тарабынан тамак-аштын уюштурулушу жана анын сапаты боюнча эч кандай сын пикирлер, сунуштар болгон жок.
Окуу жылынын 2-жарым жылында болсо, тендердин женүүчүсү жеке ишкер Аматжан кызы Жазгул жана Алтымышова Гулира тарабынан тамак-аш берилди. Берилген тамак-аштын сапаты көзөмөлгө алынууда.
4. Мектептердын материалдык-техникалык базасын чындоо жана шарт түзүү боюнча:
1. Салижан Шарипов атындагы №1 орто мектепте:
2015-жылы 40000 сомго бир класстын полу жана 495 000 сомго 5 класстын, 2 этаждагы 35 терезе пластик терезелерге алмаштырылды.
2016-жылы 115 000 сомго 1-этаждагы 10 терезе пластик терезелерге алмаштырылды. 33 000 сомго 1 класс комплектине (15 парта, стулдары менен) парта стул сатып алынды. 9100 сомго мектептин ажатканасынын айланасы, спорт залдын алды жана эшиктердин алдындагы тепкичтер цементтелип түзөлдү.
Мындан сырткары билим берүү жана илим министрлиги аркылуу Салижан Шарипов атындагы орто мектепке 60 даана парта, стул, 3 даана доска, 3 даана шкаф жана 3 даана мугалимдер үчүн стол, стул алынды.
Ата-энелердин жардамы менен 95 000 сомго 2 проэктор керектүү эмеректери менен жана 1 ноутбук, 8550 сомго 6 урна сатып алынды.
2. В.И.Ленин атындагы №2 орто мектепте ремонт үчүн республикалык бюджеттен 147720 сом, ата-энелердин жардамы менен 130 000 сом, жалпы 277720 сом акча сарпталууда.
Мектептин 1,2,3 этажындагы класс кааналары, актовый зал толук ремонттолду. Азыркы учурда коридорлор, спорт зал, ашкана жана имараттын сырткы дубалдарынын ремонт иштери жүргүзүүлүдө.
Мындан сырткары, мектептин 1-этажынын залдарынын терезелери ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 205 000 сомго пластик терезелерге алмаштырылды.
3.Бабур атындагы орто мектепте: мектепке ремонт үчүн республикалык бюджеттен 133093 сом акча сарпталууда. Мындан сырткары Республикалык бюджеттин эсебинен 6,5 млн сомго мектепте капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда мектептин 3 этаждуу корпусунун жылытуу тармагынын батареялары ремонттолуп, терезелери толук пластик рамка менен алмаштырылды, имараттын сырткы дубалдары ремонттолду, класс кааналары жана коридорлору толук шпатлевка кылынып, дубалдарды краскалоо иштери башталды, Азыркы учурда мектептин 2 кабаттуу корпусунун терезелерин алмаштыруу, класс кааналарын жана коридорлорун ремонттоо иштери аягына чыгуунун алдында турат.
4.Чынгыз Айтматов атындагы мектепке ремонт үчүн республикалык бюджеттен 219611 сом сарпталууда. Андан сырткары капиталдык ремонт үчүн 12,0 млн сом каралган. Мектепте кезектеги ремонт иштери менен бирдикте капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда мектептин 1-3 кабатындагы кааналарда жана коридорлорунда ремонт иштери аяктап бара жатат. 3 кабатында, актовый залда, ашканада жана мектептин чатырында ремонт иштери улантылууда.
Мындан сырткары,
-демөөрчүлөрдүн эсебинен 75000 сомго 3 класстын полу алмаштырылды;
-106,0 миӊ сомго 2 класс комплектине (30 парта, стулдары менен) парта стул сатып алынды.
5. Амир Темур атындагы орто мектепке ремонт үчүн республикалык бюджеттен 117 892 сом, ата-энелердин жардамы менен 40 000 сом, жалпы 157892 сом акча сарпталууда.
Азыркы учурда класс кааналары, актовый зал, 2-3 этаждагы коридорлор имараттын сырткы дубалдары толук ремонттон чыгарылып, 1 этаждагы коридордо, спорт залда жана имараттын арткы жагында ремонт иштери жүргүзүлүүдө.
6.Алишер Навои атындагы орто мектепке ремонт үчүн республикалык бюджеттен 106515 сом, демөөрчүлөрдүн эсебинен 15000 сом, жалпы 121515 сом акча сарпталууда. Мектеп авариялык абалда. Мектептин У.Маллабеков көчөсүндөгү корпусунун класс кааналары, коридорлору толук ремонттолуп, сырткы тарабында ремонт иштери башталды. Брежнев көчөсүндө жайгашкан корпустун класс кааналары ремонттолуп, учурда коридордо жана имараттын сыртында ремонт иштери башталды.
7.№7 мектеп-гимназиясында: мектепке республикалык бюджеттен 46384 сом, ата-энелердин жардамы менен 110 000 сом, жалпы 156 384 сом акча сарпталууда. Учурда мектептин 1-2 кабатындагы кааналар жана коридорлору ремонттолду. Азыркы мезгилде 1 этаждын коридорунда, спорт залда жана имараттын сырткы дубалдарын ремонттоо иштери башталды.
8.Курманжан датка атындагы орто мектепте ремонт үчүн республикалык бюджеттен 89 313 сом акча сарпталууда. Мектептин класс кааналары, коридорлор ремонттолуп, мектептин сырткы дубалдарын актоо иштери турат.
Мындан сырткары, ата-энелердин жардамы менен 200000 сомго 5 класстын полу алмаштырылды, демөөрчүлөрдүн эсебинен 30000 сомго актовый залга скамейка жасалды. Жергиликтүү бюджеттен 200 000 сом акча каражаты каралып, мектеп имаратынын кире бериш айбанчасына ондоо түзөө иштери жүргүзүлүп. мектептин дарбазасынын эки тарабын темир решетка менен тосмо жасалды.
Курманжан датка атындагы орто мектепке Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 4 интерактивдүү доска алынды.
9. №1 “Ай-Шооласы” балдар бакчасына ата-энелердин эсебинен 85000 сом акча сарпталды. Учурда балдар бакчасынын музыка залы, ашкана ремонттолуп, учурда имараттын сырткы тарабын ремонттоо керек.
10. №2 “Ай-Мээрим” балдар бакчасына ата-энелердин эсебинен 30000 сомго имараттын алдындагы аянтча жасалды. Стимул грантын эсебинен балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча конкурс өткөрүлүп, капиталдык ремонт иштери башталды. Ага 3 млн сом республикалык бюджеттен, 443 мин сом жергиликтүү бюджеттен акча каралган.
Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 343000 сомго ажаткана курулууда.
11. №3 “Булбулча”балдар бакчасына” ата-энелердин эсебинен 92480 сом акча сарпталды. Учурда балдар бакчасынын музыка залы, коридор, лестница ремонттолду. Учурда имараттын сырткы тарабын ремонттоо иштери турат. Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 343000 сомго ажаткана курулууда.
Урматтуу депутаттар, Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү
башкармалыгынын аз камсыз болгон үй бүлөлөргө көрсөтүлгөн жардамдар жана колдоолор боюнча жүргүзгөн иштерине токтолуп кетейин.
Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында негизинен беш багытта иш алынып барылууда. Мекемеде 11 мамлекеттик кызматкер, 5 социалдык кызматкерлер иштешүүдө.
-социалдык кепилдиктерди чектөө бөлүмү,
- социалдык кепилдиктерди төлөө сектору,
- финансылык эсепке алуу жана отчеттуулук,
-Ден-соолугунун Мүмкүнчүлүгү Чектелген Адамдар (ДМЧА)га жана улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү,
-социалдык кызматкерлер кызматы кирет.
Мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча: Өзгөн шаары боюнча 2016-жылдын 1-июль айына карата 491 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн 1548 балдарына мамлекеттик жөлөкпул чегерилген, анын ичинен:
-16 эгиз балага 13,0 миӊ сом;
-үч жашка чейинки 258 балага 181,9 миӊ сом;
-үч жаштан он алты жашка чейинки 1257 балага 886,2 миӊ сом;
- 17 студент балага 12,0 миӊ сом;
Бардыгы болуп, бир айдагы сумма 1093,1 миӊ сомду түзөт.
Бир жолу берилүүчү сүйүнчү акча 7 балага 17010 сомду түздү.
Жеӊилдиктер боюнча: Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында азыркы күндө мамлекет тарабынан жеӊилдик алууга укугу бар категориялардын жалпы саны боюнча 1- июль айына карата 370 адам, анын ичинен:
1. УАМСМ -1
2. УАМСК – 2
3. Афган согушунун майыбы – 8
4. Афган согушунун катышуучулары – 56
5. Советтик армиянын майыбы – 9
6. Оруктун майыбы (труж.тыл)– 1
7 .Оруктун катышуучусу (труж.тыл) – 7
8.Реабилитация болгон адам -1
9. ЧАЭС тин майыбы – 6
10. ЧАЭС тин балдары жана небереси – 11
11. УАМС жана катышуучусунун жесири – 11
12. УАМС жана майыбынын жесири – 11
13. ИИМнин кизматкерлеринин жесирлери – 2
14. ЧАЭС тин катышуучуларынын жесирлери – 3
15. Донорлор боюнча-1
16. Көзү азиз дудук, дүлөй - 240
Жалпы жеӊилдиктер алуучулар саны 370 адамды түзөт.
2016-жылдын 1-июль айына карата 370 адамга бир айлык суммасы 824,4 миӊ сом болсо, 210 адамга 234,0 миӊ сом Кыргыз Почтасы аркылуу, 160 адамга 590,4 миӊ сом КИСБ банк аркылуу төлөнүп, жалпы сумма 824,4 миӊ сомду түздү.
Мамлекеттин бюджетинин эсебинен жалпы оорунун 1-топтогу майыптарына 2016-жыл 1-март айына карата 5 майыптык арабача берилди.
2016-жылдын 1-июль айына карата дарыгерлердин рецепттерин негизинде 49 адамга 29900 сомдук дары-дармек берилди.
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин коллегиясынын 2007-жыл 14-июндагы №1 токтомунун негизинде жалпы оорунун майыптары үчүн:
1-тобуна 100%
2-тобуна 50%
3-тобуна 30% жеӊилдик менен санатория-курортук карталардын негизинде «Мамакеев» санаториясына 50 адамга, Воронцовка санаториясына 1 адамга, «Ыссык-Көл» санаториясына 4 адамга 2016-жылдын 1-июль айына карата курорттук карталар берилип, ден соолуктарын чыӊдоого мүмкүнчүлүк алышты.
Социалдык кызмат көрсөтүү багытында:
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен шаардагы 54 көп балалуу энелер “Баатыр эне” жана “Эне даӊкы” орден-медалдары менен сыйланышып, сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи шаар мэриясы тарабынан уюштурулду жана аларга мэр тарабынан баалуу белектер тапшырылды.
2016-жылдын 6 айында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 3 жаран социалдык стационардык мекемелерге жайгаштырылды.
Балдардын жайкы эс алуусун уюштурууда түшкөн арыздарынын негизинде турмуш шартын иликтеп, аз камсыз болгон жакыр жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын балдарын, ошондой эле айрым кызматкерлердин балдарынан кошуп, жалпысы 50 баланы Арсланбап-Ата турпансионатына 10 күндүк акысыз эс алууга бардык документтери даярдалып, 19-июль күнү жөнөтүлүп, 29-июль күнү аларды тосуп алып ата-энелерине тапшырылды.
Өзгөн /й бүлөлүк дарыгерлер борборунан кургак учук менен ооруган шаардын тургундарынын тизмесин алып, жашоо шарты менен таанышып, шаардын бюджетинин “элге жеӊилдиктер статьясынан” бөлүнгөн 50000 (элүү миӊ) сом акча каражатын жалпы тизмедеги 62 жаранга бөлүп берүү боюнча тапшырмасы менен 61 жаранга 800 (сегиз жүз) сомдон, жалпысы 48800 (кырк сегиз мин сегиз жүз) сом таркатылып берилди.
Андан сырткары оор абалда жаткан майыптардын ал-абалынан ордунан кабар алып, алардан 7 жаранга жана М. Раззаков атындагы мектеп интернатына жалпысы болуп 30000 сомдук акчалай жардам көрсөтүлдү. Мына ушуга окшогон жардамдар башка кварталдык комитеттерде да уюштурулуп, алты ай ичинде 275 жаранга жалпысы 350000 сомдук азык түлүк жана акчалай жардамдар көрсөтүлдү.
Урматтуу депутаттар, отчеттук мезгил ичинде «Өзгөн Таза суу» муниципалдык ишканасынын жүргүзгөн иштерине токтолуп кетейин:
Шаардын калкын таза иче турган суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында мурдагы «Суу чарба мекемесинин» ордуна түзүлгөн «Өзгөн таза суу» муниципалдык ишканасы Өзгөн шаарынан 53187 адамды, мындан сырткары Баш-Дөбө округунун Янги-Абад, Бахмал 1, Бахмал-2 айылдарынын жашоочуларын жана 250 дөн ашык мекеме-ишканаларды ичүүчү таза суу менен камсыздайт. Негизинен 95 пайыз калк ичүүчү таза суу менен камсыз болгон, башкача айтканда саатына 460 метр куб таза ичүүчү суу жер алдынан 86 метр тереӊдиктен тартылып алынып, пайдалануучуларга берилет же болбосо ар бир жанга 60,2 литр туура келет.
Өзүӊүздөргө белгилүү болгондой, шаардын аймагындагы суу жеткирүүчү трубалар 1959-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен, суу басымын көтөрө албай трубалар жарылып кеткен мезгилдер көп болуп, бирин бүтүрсөӊ, экинчиси жарылып кетип жаткандыктан мэриянын көмөгү менен шаардын аймагындагы суу магистралындагы жарылып кетүү коркунучу бар бөлүктөрүн аныктагандан келип чыккан 2655 погон метр трубалар алмаштырылды. Шаардын калкын таза иче турган суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн «Өзгөн таза суу» муниципалдык ишканасы 2016-жылдын 6 айы ичинде ар түрдүү оӊдоп түзөө иштери үчүн 740620 сомдук иш аткарууну пландаштырып, аткарган.
Урматтуу депутаттар, шаардагы автотранспорттун кыймылын иретке келтирүү боюнча шаардагы автоунаа токтоочу жайларды толугу менен инвентаризациядан өткөрүү үчүн МММБ департаменти тарабынан тийиштүү аракеттер көрүлүүдө. Бирок, бул багыттагы иштерди системалуу жүргүзүү боюнча шаар башкармасынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаменти пландуу түрдө иш алып баруусу зарыл. Белгилей кетүүчү жагдай, шаардын Жаӊы-Хаят, РЭС, Пивзавод, Бахмал жана «Жаӊы Өзгөн» зоналарына маршруттук Бусиктердин жүргүзүлүшү шаардын калкы үчүн транспортто жүрүүнү бир топ жеӊилдетти.
Шаардагы санитардык абал боюнча: Шаардагы санитардык абалды жакшыртуу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүнү «Өзгөн тазалык» муниципалдык ишканасы жүргүзөт. 2016-жылдын башынан көчөлөрдү шыпыруучулар аталган ишканага өткөрүлүп берилди, шаардын аймагындагы бак дарактар 2 жолу буталып, корректировкаланды. Шаардын аймагын кооздоо багытында отургузулган гүлдөр «Өзгөн тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан отургузулду жана багбанчылар тарабынан көгөртүү иштери жүргүзүлүүдө.
2016-жылдын 6 айында шаардын аймагын тазалоо боюнча бир топ иштер жүргүзүлдү жана 8500 м3 таштандылар ташылып чыгарылды.
Бирок, шаардын аймагын дайыма бир калыпта тазалыкта кармап туруу кыйынчылыкка турууда, себеби өзүӊүздөр көрүп билгендей шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу күнүнө 11-13 миӊ автотранспорт өтөт, 10-11 миӊ киши ар кандай иштер менен шаарга келип кетип турат.
Муниципалдык ишкананын 14 дворниги, 16 техникасы, 4 даана тележкасы, 3 мусор жүктөгүч күндө тынбай иштейт. 2016-жылдын 6 айында «Өзгөн тазалык» муниципалдык ишканасына таштандыларды чыгаруу үчүн кварталдык комитеттерден болгону 581541 сом түшкөн, коммерциялык дүкөндөрдөн 254193 сом акча каражаты түшкөн. Бул багытта «Өзгөн тазалык» муниципалдык ишканасы шаардагы 9000 ден ашуун кожолуктун араӊ 4097 си менен гана келишим түзүүгө жетишкен. Ишкананын жетекчилиги ар бир кожолук, мекеме-уюмдар жана коммерциялык дүкөндөр менен келишим түзүү жолу менен чарбалык эсеп жүргүзүү аркылуу акча каражатын таап, мекеменин материалдык базасын чыӊдоосу керек, дайыма эле жергиликтүү бюджеттин акчасын карап олтурбастан ишкананын жетекчилиги изденүүчүлүк менен иш алып баруусу зарыл деп эсептеймин.
Шаардагы эпизотиялык абалды жакшыртуу максатында дейди ит-мышыктарды атуу уюштурулуп, 2016-жылын 6 айында 580 баш ит-мышык атылып жок кылынды.
Капиталдык курулуш боюнча: Шаарда 2016-жылдын 6 айынын ичинде 1955,7 миӊ сомдук капиталдык салымдар өздөштүрүлүп, план 119,0 пайызга аткарылды. Шаардын тургундарынан 47 атуул үй куруп бүткөрүштү, аларга 68 млн 985 миӊ сомдук капиталдык салымдар калктын каражатынын эсебинен каржыланды.
Азыркы учурда жеке турак жай салуу үчүн кезекке турган атуулдардын өзү шаар боюнча 5500дү түзөт. Бул маселе албетте биздин көйгөй болуп эсептелет, себеби биз келечекте тургундарыбызды турак жай менен камсыз кылуу программасын иштеп чыгып, бул маселени көп кабаттуу үйлөрдү куруу жолу менен чечүүнү максат кылуудабыз, бул багытта инвесторлорду караштыруудабыз.
Дене тарбия жана спорт боюнча:
Урматтуу депутаттар! Өзгөн шаар мэриясы тарабынан 2016-жылдын 6 айында шаарда дене-тарбия, спортун массалуулук маселелерин өнүктүрүүгө, спорт аянтчаларын куруу жана калыбына келтирүү иштерине бир топ маани берилди. Шаардагы спорт клубдарынын арасындагы мелдештерди уюштуруп өткөрүүгө жана футбол боюнча командалардын өз ара беттешүүлөрүнө колдоо көрсөтүү максатында жана спорт аянтчаларын, стадионду ремонттоо үчүн 2016-жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен дене тарбия жана спорт бөлүгү үчүн 600,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнгөн. Шаардагы кикбоксинг боюнча 5 спорттук клубдардын арасында мелдеш өткөрүлүп, ага 52,2 миӊ сом акча каражаты каралып, жыйынтыгында «Як-Лотос» спорттук клубу кубокту жеӊип алды.
Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы балдардын, өспүрүмдөрдүн дене тарбия клубунун (ДЮКФП) мүчөлөрү Ош облусунда спорттун 10 түрү боюнча өткөрүлгөн спартакиадага катышып, 7-орунду ээлешти, алардын катышып келүүсү үчүн 20,1 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Спорттун кикбоксинг түрү боюнча «Як-Лотос» жана «Туран» спорт клубдарында машыккан спортчулар Бишкек шаарында өткөрүлгөн мелдешке катышып, «Як-Лотос» спорт клубунун спортчулары 2-3-орундарды ээлешти, алардын барып катышып келүүсү үчүн 18,0 миӊ сом акча каражаты берилди.
/стүбүздөгү жылдын апрель айында «Алхамид» спортклубу тарабынан спорттун Эркин күрөш түрү боюнча мэрдин кубогу уюштуруп өткөрүлдү жана мелдешке Борбордук Азия мамлекеттеринен спортчулар катышышты, аны уюштуруп өткөрүү үчүн 20,0 миӊ сом бөлүнүп берилди, мелдеште жогоруда аталган клубдун спортчулары жеӊишке жетишишти.
Өзгөн району боюнча спорттун футбол түрү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар арасында өткөрүлгөн мелдешке колдоо көрсөтүү иретинде 5000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Ошондой эле спорттун кикбоксинг түрү боюнча Өзгөн шаарынын биринчилигин уюштуруп өткөрүү үчүн 30,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилди жана ал мелдешке Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринен спортчулар катышышты, мелдештин жеӊүүчүлөрүнө кубок, медалдар жана дипломдор тапшырылды
«Өзгөн-Космос» спорт клубунун машыгуучусу Фазилжон у Икбол спорттун кикбоксинг түрү боюнча Россия мамлекетинин Пятигорск шаарында өткөрүлгөн профессионалдардын рейтингдик чемпионатына катышып келүүсү үчүн 60,0 миӊ сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилди. Ошол эле аталган клубдун дагы бир машыгуучусу Саидисломбек уулу Рахимжан Россия мамлекетинин Тюмень шаарында өткөрүлгөн профессионалдардын рейтингдик чемпионатына катышып, биринчи орунду ээлеп, жеӊишке жетишти жана анын катышып келүүсүнө колдоо иретинде 45,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Өзгөн району боюнча өткөрүлгөн шахмат мелдешинде биринчи орунду ээлеген шаардын тургуну Атаханов Абиджанга шаар мэриясынын атынан 5000 сом акча сыйлык тапшырылды.
Өзгөн шаарындагы «Нусрат» футбол командасы Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн мелдешке катышып, байгелүү экинчи орунду ээлешти, алардын катышып келүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн 20,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Мектеп окуучуларынын арасында «Куунак старттар» оюну өткөрүлүп, аны уюштурууга жана жеӊүүчүлөргө белек алуу үчүн 20,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Жалпысынан дене тарбия жана спорт бөлүгү үчүн каралган акча каражатынын эсебинен бүгүнкү күнгө карата 315,3 миӊ сом акча каражаты жогорудагы иш чараларды өткөрүүгө жумшалды.
Урматтуу депутаттар! 2016-жылдын 6 айы ичинде шаар мэриясына 653 атуулдан арыз келип түшкөн, аларды мазмуну боюнча алып карасак: 121 атуул үй салуу үчүн жер участкасын берүүнү суранып, 91 атуул кыймылсыз мүлкүн мыйзамдаштырууну суранган, ижарага жер сурангандар 294, суу, свет, социалдык маселелери боюнча 18 адам, 41 адам материалдык жардам сурап кайрылган, 98 атуул ар түрдүү маселелер менен кайрылгандар, арыздардын ичинен: 3 арыздын мөөнөтү кечигип аткарылган. Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы МММБ департаменти тарабынан арыз ээлерине өз убагында жооп берүү жагы кечиктирилүүдө.
Урматтуу депутаттар! Мен бүгүнкү Сиздерге берген отчетумда шаарда жүргүзүлгөн иштердин баарын камтыганга аракет кылдым. Толук эмес болсо Сиздер толуктап, баа бересиздер деген ойдомун.
Көӊүл бурганыӊыздар үчүн чоӊ рахмат!