ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеӊешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын отуруму
2016-жылдын 15-сентябры № 26/5
Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен шаар мэриясынын ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеӊешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 25-июлундагы № 578 катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтомунун, «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар боюнча» жана «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссияларынын отурумунун протоколдорунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Өзгөн шаар мэриясынын ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Келишимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеӊешинин (V чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар боюнча» жана «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.А. Насиров |