Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 26/6
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 5 га жерин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеӊешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Өзгөн шаар мэриясы тарабынан сунушталган маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүндө жайгашкан № 962-контурдагы көп жылдык бак эсебиндеги “Айыл чарба багытындагы” үлүш жерлеринен трансформацияланып, “Өнөр-жайынын транспортунун, байланышынын, коргонуунун жана башка багытындагы жерлер” категориясына которулгандан кийин канализациянын саркынды сууларын тазалоочу курулма куруу үчүн 5 га жерин Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Муниципалдык менчикке алуу боюнча тийиштүү документтерди даярдоо жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментине жана шаар куруу жана архитектура башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Келишимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеӊешинин (V чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.А. Насиров |