Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 26/9
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2016-жылдын 6 айындагы ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамына ылайык киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 5-августундагы отурумунун № 6 жана 2016-жылдын 9-сентябрындагы отурумунун № 7 протоколдорунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2016-жылда ашыкча аткарылгандыгынын эсебинен 5297,7 миң сом каржылоого макулдук берилсин. Анын ичинен 2016-жылда кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинин тиркемесиндеги иштерге 4129,0 миң сом, “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасына кошумча аткарылуучу иштер үчүн 600,0 миң сом, МММБ департаментинин 2232 “Электроэнергия төлөмдөрү” статьясына 500,0 миң сом, өздүк сметасына 65,0 миң сом, Өзгөн шаардык кеңешинин жетектөөчү адиси Д.Турдахуновтун эмгек акысына 5% үстөккө 3,7 миң сом кошумча каржылоого макулдук берилсин. 2016-жылда кошумча аткарылуучу иштердин титулдук тизмесинин тиркемесиндеги иштерге титулдан үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен 1431,5 миң сом каржылоого макулдук берилсин.
2. МММБ департаментинин сметасынан 810,9 миң сомду Н. Азнабакиев атындагы эс алуу багынын өздүк эсебине жылдырып, аткарылган иштерден калган карызды төлөөгө макулдук берилсин. Титулда каралган иштерге ашыкча кеткен 709,2 миң сом каражатты титулдан үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен каржылоого макулдук берилсин. Өзгөн шаарынын Н. Азнабакиев атындагы паркынын 2016-жылга карата бекитилген атайын каражаттардын киреше жана чыгаша планына кошумча 180,0 миң сом кошуп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бюджеттин теңдигин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүүлөр киргизүү жана планды Каржы министрлиги менен тактоо жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р.Мейматкуловко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.А. Насиров |
Өзгөн шаары № 6 5 – август 2016-жыл
Катышканы: – 5 депутат
Катышышты: Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А.Насиров
«Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Юлдашев, орун басары Ш. Турдиев
Мүчөлөрү: Депутаттар А. Хасанов, А. Ибраимов, М. Халматов,
Өзгөн шаарынын мэри - С. Пратов
Каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р. Мейматкулов, “Алмаз” ветсервисинин башчысы Т. Бекташев, МММБ департаментинин курулуш боюнча адиси Х. Тешебаев, мэриянын экономика бөлүмүнүн башчысы К.Базарбаева
К/Н ТАРТИБИ:
1) Өзгөн бириккен шаардык аскер комиссариатынын 2016-жылдын 27-июнундагы Өзгөн бириккен шаардык аскер комиссариатынын имаратын оңдоп түздөө иштерине 100,0 миң сом өлчөмүндө материалдык жактан колдоо көрсөтүү жөнүндөгү № 578 каты
2) Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 28-июлундагы Өзгөн шаар мэриясынын жана шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерине материалдык жактан колдоо көрсөтүү жөнүндөгү №591 каты
3) Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 1-августундагы Өзгөн шаарынын МММБ департаментинин 2016-жылга карата бекитилген чыгашаларына кошумча 105,0 миң сом акча каражатын карап берүү жөнүндөгү №599 каты
4) Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 1-августундагы Өзгөн шаарынын бюджетинин 2016-жылдын ашыкча аткарылышы эсебинен көчөлөрдү асфальтоого 3,5 млн сом, “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан жыл башында ашыкча иш аткарылгандыгына байланыштуу аткарылуучу иштери үчүн 500,0 миң сом акча каражатын кошуп берүү жөнүндөгү № 598 каты
5) Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн 2016-жылдын 4-августундагы Өзгөн бириккен шаардык аскер комиссариатынын № 578 каты боюнча №21 сунуш каты
6) Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн 2016-жылдын 4-августундагы Өзгөн шаар мэриясынын №591 каты боюнча №22 сунуш каты
7) Өзгөн шаарынын Н. Азнабакиев атындагы паркынын 2016-жылдын 28-июнундагы 2016-жылга карата бекитилген киреше сметасына кошумча акча каражатын карап берүү жөнүндөгү № 26 каты
8) Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 14-июнундагы Өзгөн шаарындагы «Икрам» ветсервисинин мал жандыктарын тейлөөсү үчүн тарифин калькуляциясын бекитип берүү жөнүндөгү №449 жана Өзгөн шаарындагы «Алмаз» ветсервисинин мал жандыктарын тейлөөсү үчүн тарифин калькуляциясын бекитип берүү жөнүндөгү каты
9) Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 5- августундагы “Өзгөн Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын каты боюнча берген №611 каты
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Юлдашев ачты: урматтуу комиссия мүчөлөрү кворум бар болгондуктан бүгүнкү отурумду ачык деп эсептеп, отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 9 маселе каралат. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Анда күн тартибиндеги биринчи маселени кароого өтсөк. Өзгөн бириккен шаардык аскер комиссариатынын 2016-жылдын 27-июнундагы Өзгөн бириккен шаардык аскер комиссариатынын имаратын оңдоп түздөө иштерине 100,0 миң сом өлчөмүндө материалдык жактан колдоо көрсөтүү жөнүндөгү № 578 катын карап койсок.
Депутат А.Юлдашев: бул маселе боюнча Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р. Мейматкулов бизге кат менен жооп берип жатат, өзү дагы түшүндүрмө берсин.
Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р.Мейматкулов: аскер комиссариатынын имараты мэриянын балансында турбагандыктан, алардын имаратынын ремонтуна каражат бөлүү мыйзамга туура келбейт.
Депутат А. Юлдашев: аскер комиссариатынын имаратын оңдоо боюнча каражат бөлүп берүү мыйзамга туура келбегендиктен каражат берилбейт.
Сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.
Депутат А. Юлдашев: Күн тартибиндеги экинчи маселе Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 28-июлундагы Өзгөн шаар мэриясынын жана шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерине материалдык жактан колдоо көрсөтүү жөнүндөгү №591 каты боюнча да Р. Мейматкулов түшүндүрмө берсин.
Өзгөн шаар каржы бөлүмүнүн милдетин аткаруучусу Р. Мейматкулов: материалдык жардам көрсөтүү боюнча мыйзамдарды карап чыктык, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамында каралган эле, бирок азыркы күндө бул мыйзам өз күчүн жоготту, ошондуктан муну төлөө мыйзамга туура келбейт, башка мыйзамдарды да изилдеп чыктым. Башка шаарлар менен тажрыйба алмаштым, алар да каражат бөлгөн эмес.
Депутат А. Юлдашев: мыйзамга туура келбегендигине байланыштуу бул маселе кароодон четтетилсин.
Сунуш бир добуштан колдоого алынды.
Депутат А. Юлдашев: Күн тартибиндеги үчүнчү маселе Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 1-августундагы Өзгөн шаарынын МММБ департаментинин 2016-жылга карата бекитилген чыгашаларына кошумча 105,0 миң сом акча каражатын карап берүү жөнүндөгү №599 каты боюнча кимде кандай сөз бар.
Депутат А. Хасанов: бул маселе боюнча департамент өкүлү түшүндүрмө берсин.
МММБ департаментинин курулуш боюнча адиси Х. Тешебаев: кээ бир кабинеттерди ремонт кылбасак болбойт, башка чыгымдарга да 70,0 миң сом каражат керектелет.
Депутат А. Юлдашев: 35,0 миң сом ремонтту токтотуп туралы, башка чыгымдарга 50,0 миң сом ажыратып берели, ар түрдүү чыгымдарга суралган 20,0 миң сомду да токтотуп туралы.
Сунуш бир добуштан колдоого алынды.
Депутат А. Юлдашев: Күн тартибиндеги төртүнчү маселе Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 1-августундагы Өзгөн шаарынын бюджетинин 2016-жылдын ашыкча аткарылышы эсебинен көчөлөрдү асфальтоого 3,5 млн сом, “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан ашыкча иш аткарылып жаткандыгына байланыштуу, муниципалдык заказды аткаруу үчүн 500,0 миң сом акча каражатын кошуп берүү жөнүндөгү № 598 каты. Көчөлөрдү асфальттоого 3,5 млн сом беришибиз керек. “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан кошумча суралып жаткан 500,0 миң сом каражат боюнча өздөрү түшүндүрмө берсин, - деди.
Бул маселе боюнча кимде кандай сунуш бар.
Депутат А. Ибрагимов: көчөлөрдү асфальттоого каражат бөлүп берели, себеби мектептердин тегерегин асфальттоого каралып жатат экен.
Депутат А. Хасанов: 3,5 млн. сомду асфальтка берсек, калган иштерге кайсы каражатты беребиз.
Депутат А. Юлдашев: 3,5 млн. сомду чечип берели деп сунуш берди.
Сунуш бир добуштан колдоого алынды.
Депутат А. Хасанов: шаарда андан башка кыла турган иш жокбу, -деди. Шаардагы башка аткарыла турган иштердин да маалыматын берсин.
Күн тартибиндеги кийинки маселе Өзгөн шаарындагы «Алмаз» жана «Икрам» ветсервистеринин мал жандыктарды ветеринардык жактан тейлөө үчүн кызмат акыны бекитип берүү жөнүндөгү каты.
Бул маселе боюнча “Алмаз” ветсервисинин башчысы Бекташев Төрө түшүндүрмө берсин. Шаарда вирус, микробтор бар жерлерди көзөмөлдөө керек.
Депутат А. Юлдашев: бул маселени кийин карасак, азыр 3,5 млн сом асфальтка, 0,5 млн сом “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасына кошумча суралган каражаттар боюнча мэр түшүндүрмө берсин.
Өзгөн шаарынын мэри С. Пратов: титулда каралып аткарылган иштерден үнөмдөлгөн акча каражаттары бар, калган иштерди ошонун эсебинен аткарабыз. Муниципалдык заказды аткарууга каралган каражат кошумча иштер аткарылгандыгынан жетишпей жаткандыгына байлашыштуу “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасына кошумча 500,0 миң сом сурап жатабыз. “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасына 200,0 миң сомго шатер жасаттык. Жаңы гүл эккен жерлерге суу ташып жатат, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында мусор турган жерди тосмолоо үчүн кошумча каражат керек. Бул иштер негизинен аткарылды, бирок башка иштерге каражат жетишпей жатат.
Депутат А. Хасанов: Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасы кошумча аткарылуучу иштердин сметасын берсин.
Депутат А. Юлдашев: аткарылуучу иштердин сметасы болбосо, порталдан өткөрүлбөйт. Менин сунушум депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлер эске алынып, “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасына 500,0 миң сом акча каражатын бөлүп берели. Титулдук тизмеге кирип, аткарылган иштерден үнөмдөлгөн каражаттардын так маалыматы берилсин, титулга өзгөртүү киргизилип, ошол үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен каржылансын.
Сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынана бир добуштан колдоого алынды.
Депутат А. Юлдашев: Күн тартибиндеги жетинчи маселе Өзгөн шаарынын Н. Азнабакиев атындагы паркынын 2016-жылдын 28-июнундагы 2016-жылга карата бекитилген атайын каражаттардын киреше сметасына кошумча акча каражатын карап берүү жөнүндөгү № 26 каты. Н. Азнабакиев атындагы парк атайын каражаттарга кошумча план сурап жатат, атайын каражаттарга 180,0 миң сом кошумча план кошуп берели.
Сунуш бир добуштан колдоого алынды.
Депутат А. Юлдашев: “Алмаз” ветсервисинин тарифи менен “Икрам” ветсервистин тарифин салыштырып койсок. Бул боюнча “Алмаз” ветсервисинин башчысы Т.Бекташев түшүндүрүп берсин.
“Алмаз” ветсервисинин башчысы Т. Бекташев: Шаарда дейди ит мышыктар көп, алардын кулагына бирка басылат, кутурмага каршы жылда 1 (бир) жолу укол кылынат, экихонокозго каршы 3 (үч) айда таблетка берилет. Оорулардын алдын алуу үчүн ветсервистердин кызмат акысын бекитип берсеңиздер. Уйга укол жасалдыбы, сүтү лабораториядан өткөндүгүн текшерүүгө бизге уруксат бергиле. Шаарда 2 адам бруцелез менен, 3 адам экихонокоз менен ооруду.
Депутат А. Хасанов: Ветсервис Алмаздын тарифи менен Икрам ветсервистин тарифин карадык, экөө бир баага келишип, кийин бизге кайрылсын. Сүттү текшерүүгө уруксат берүү үчүн кат менен кайрылыңыз.
Депутат М. Халматов: айыл чарба министирлиги, ветстанция жана башка жогорку органдар бар. Прейскурантты жогорку органдарга тастыктатып алып келгиле, кийин биз бекитип берели.
Депутат А. Юлдашев: сиздердин тарифте айырма чоң, бир баага келишип, прейскурантты бизге сунуштасаңар, шаар боюнча бир калькуляцияны бекитип беребиз. Элге оорчулук түшпөсүн. Бааларды элге ылайыкташтырып, бүгүнкү күндөгү экономикалык кризисти эске алып аныкташ керек.
Өзгөн шаарынын “Өзгөн-Таза Суу” муниципалдык ишканасынын 2016-жылдын 21-июнундагы Уч-Дөбө, Сараксий, Янги Хаят кварталынын элин таза суу менен туруктуу камсыз кылуу үчүн 826,1 миң сом акча каражатын карап берүү жөнүндөгү №53 каты өткөн отурумда каралган, смета даяр болгондо кайрылабыз, деп мэрия кат менен жооп берип жатат, муну эске алып койсок.
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р.Мейматкуловтун билдирүүсүнүн негизинде, Өзгөн бириккен шаардык аскер комиссариатынын имаратын оңдоп түздөө иштерине каражат бөлүү мыйзамсыз экендиги эске алынсын жана каражат бөлүп берилбесин.
2. Өзгөн шаар мэриясынын жана шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерине материалдык жактан колдоо көрсөтүү мыйзамга туура келбегендиктен кароодон четтетилсин.
3. Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2016-жылга карата бекитилген чыгашаларына бюджеттин 2016-жылдын 6 айы ичинде ашыкча аткарылган кирешелеринин эсебинен башка чыгымдар статьясына кошумча 50,0 миң сом акча каражатын каржылоого макулдук берилсин.
4. Өзгөн шаар мэриянын 2016-жылдын 1-августундагы №598 катында көрсөтүлгөн көчөлөрдүн бөлүктөрүн асфальтоого Өзгөн шаарынын бюджетинин 2016-жылдын 6 айы ичинде ашыкча аткарылышы эсебинен 3,5 млн сом, “Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылуучу иштерге төлөөнүүчү төлөмгө (муниципалдык заказды аткарууга) кошумча 500,0 миң сом акча каражатын титулдук тизмеге кирип, аткарылган иштерден үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен каржылансын.
5. Өзгөн шаарынын Н. Азнабакиев атындагы паркынын 2016-жылга карата бекитилген атайын каражаттардын киреше жана чыгаша планына кошумча 180,0 миң сом акча каражатын Каржы министрлиги менен тактап, өзгөртүү киргизип берүү жагы Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Р.Мейматкуловко милдеттендирилсин.
6. Өзгөн шаарындагы ветсервистер мал жандыктарды ветеринардык жактан тейлөө үчүн шаар боюнча бирдей, элге оорчулук келтирбеген, жогорку органдар менен макулдашылган кызмат акынын прейскурантын бекитип берүүнү шаардык кеңешке сунуштасын.
«Бюджет, салык жана инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы | А.Н. Юлдашев |