Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 11
«Беш-Арча» ЖЧК»нын ишмердүүлүгүнүн үстүнөн жазылган арыздар жөнүндө
Майдан айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 12 (кезексиз) сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнүн Бел-Алма көмүр кенин лицензиясына ылайык иштетип жаткан «Беш-Арча» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылып, Майдан айыл өкмөтүнүн жарандары С. Эрмеков, А. Отонбаев, К. Азимов, М. Маматов айылдык кенештин депутаты Ж. Амизаев, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Р. Мамановалар ар кайсы инстанциядагы сотторго, укук коргоо органдарына арыз менен кайра-кайра кайрылышып, бирок, эч кандай тыянак мыйзам бузуу аныкталбаганына байланыштуу, жогорудагы жарандар кайрадан укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышса ал арыз кароого алынбасын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Курмушуев |