МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 6-чакырылыш 12 (кезексиз)-сессиясы
2016-жылдын 10-марты № 12
Майдан айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Майдан айы аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүк жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укукту актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Кадамжай пресс газетасына жана mkk.gov.kg/index.php сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укукту актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары Ы. Калбаевке жүктөлсүн.
Төрага | М. Курмушуев |