МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
2016-жылдын 10-июну № 25
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарынын тизмесин толуктоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктуна жана “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 1 пунктуна ылайык Майдан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Майдан айылдык кеңешинин депутаты Калбаев Ысак Пазилидинович муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бош калган депутаттык мандатты шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган кийинки талапкер Наринова Орозбу Эргешовнага берилсин.
3. Ушул токтомду бекититип берүү жагы Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | М. Курмушев |