Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 180
Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2015-жылдын май 2016-жылдын апрель айларында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүндө
Этика жана экология укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын, Мырза-Аке айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын билдирүүсү менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2015-жылдын май, 2016-жылдын апрель айларында кабыл алынган, чечимдердин аткарылышы боюнча айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарынын берген билдирүүсү эске алынуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) активдүү депутаттары Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы айылдык кеңештин Ардак Грамотасы менен сыйлансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б. Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |