Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-прели №181
«Келечек», «Бүчүр», «Данияр Нур» балдар бакчаларынын алып барган тарбиялык материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында жүргүзгөн иштери жөнүндө
Социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын жана жогорудагы балдар бакчаларынын жетекчилеринин билдирүүсүн угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Келечек», «Бүчүр», «Данияр Нур» балдар бакчаларынын алып барган тарбиялык, материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында жүргүзгөн алгылыктуу иштери белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн демөөрчүлөрдүн жана мамлекеттик эмес уюмдардын колдоосу менен материалдык базасын чыңдоо жагы бала бакча директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Бабыр жана Коммунист айылдарынын жашоочуларынын суроо-талабын канааттандыруу максатында жогорудагы айылдарга бала бакча ачуу жагы айыл өкмөт башчысы Р. Мырзакуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынынын орун басары Б. Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |