Редакцияот 22.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XXIX сессиясы

 

2016-жылдын 22-апрели № 183

Мырза-Аке айылында жашап, иштеп көзү өткөн маркум Темирбаев Кубаттын ысымын Коммунист айылынын Пионерский көчөсүнө ыйгаруу жөнүндө

Социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл жашоочуларынын жыйынын протоколу менен таанышып талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 19-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Темирбаев Кубат Темирбаевичтин ысымы Коммунист айылынын «Пионерский» көчөсүнө ыйгарылсын.

2. Аталган көчөнүн ар кандай көйгөйлөрүнө өз жардамын берип жашоочулары менен тыгыз байланышта болуу милдети маркумдун балдарына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б. Тынай уулуна милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Кимсанов