Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын22-апрели №184
Жапарова Альбинанын «Алга» совхозунун гаражынын ичиндеги аккумулятор цехинин ордун өнөр-жай категориясынан турак-жай котегориясына өзгөртүү боюнча арызы жөнүндө
Айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү жана Айыл өкмөтүнүн башчысынын сунуш каты менен таанышып чыгып талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 19-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жапарова Альбинанын «Алга» совхозунун гаражынын ичиндеги аккумульятор цехинин ордун 1152 м кв сатып алгандыгына байланыштуу өнөр-жай котегориясынан турак-жай котегориясына которууга уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөтүнөн керектүү иш-кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Орозматовко милдеттендирилсин.
3. Аккумульятор цехинин ордун 1152 м кв өнөр-жай котегориясынан турак-жай котегориясына которууга керектүү иш-кагаздарын даярдоо Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары Б.Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |
Мырза-Аке айылдык кеӊешинин төрагасына Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Мырзакуловдон |
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө Жапарова Альбина атуу жаран төмөндөгүдөй арыз менен кайрылган: Жапарова Альбина мурдагы «Алга» совхозунун гаражынын ичиндеги бузулуп кеткен аккумлятор цехинин жерин Мырзаев Абдрашиттен сатып алган.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясы барып текшергенде ал жерде эч кандай курулуш жок экендиги аныкталды. Жапарова Альбина бул жерге турак жай куруу үчүн арыз менен кайрылган, ошондуктан айыл өкмөтү турак жай курууга чечим чыгарып берүү сунушу менен кайрылат.
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы | Р. Мырзакулов |