Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 186
Айыл өкмөтүнүн огород салыгынан жеӊилдик алуучулар жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу менен салык боюнча жетектөөчү адистин маалыматы менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтү боюнча көп балалуулардан - 646 (алты жүз кырк алты), мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан-3 (үч), У.А.М.С. жана Чернобылчы катышуучуларынан 28 (жыйырма сегиз) пенсионерлерден 1105 (бир миӊ бир жүз беш) турган кожолукка жеӊилдик берилсин.
2. Берилген жеӊилдиктер түзүлгөн тизменин негизинде айыл өкмөтүнүн жалпы салык планынын эсебинен чыгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары Б.Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы | А. Кимсанов |