Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 187
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Кадыркулов Раимжан Кудайбердиевичти «Айылдын ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү жөнүндө
Өзгөн токой чарбасынын эмгек жамаатынын токой аймагынын жашоочуларынын сунушунун, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушунун негизинде Социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 19-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну, Кадыркулов Раимжан Кудайбердиевич айылдын ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы, айыл калкынын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө, турмуш-тиричилик деңгээлинин көтөрүлүшүнө кошкон салымы, калк арасында урмат-сыйга ээ мыкты сапаттары, үлгүлүү эмгеги менен башкаларга үлгү көрсөткөндүгү үчүн «Айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Б.Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |
6.04.2016 №1 Мырза-Аке айылы Чогулуштун төрагасы – Ж. Разаков Чогулуштун катчысы – К. Абдыразакова Катышкандар : 23 |
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Кадыркулов Раимжанды “Мырза-Аке айылынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
УГУЛДУ:
Чогулуштун төрагасы Ж. Разаков жыйынды ачып, сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду. Кадыркулов Раимжандын басып өткөн эмгек жолун, таржымалын баяндап, үзүрлүү эмгектенип жаткандыгына айтып, эл расында кадырлуу баркка ээ экендигин баса белгилеп, “Мырза-Аке айылынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу сунуштады. Жарыш сөзгө чыккан Т. Жээнбеков, Р. Кадыркуловду Өзгөн токой чарбасынын директору, Мырза-Аке айылдык кеңешинин депутаты катары кадыр баркка ээ экендигин айтты. Кийинки жарыш сөзгө С. Мамедиев чыгып, Р. Кадыркуловду Өзгөн токой чарбасында эмгек жолун баштап, эмгекчил, орундуу сүйлөй билүүсүнө, иште эң жакшы уюштуруучу, кичи-пейил, сылык инсан экендигин айтты. Кийинки сүйлөгөндөр Д. Назарматова, Н. Бекташов, А. Жусуевдер бардыгы Р. Кадыркуловдун жакшы сапаттарын белгилеп, Өзгөн токой чарбасынын директору, Мырза-Аке айылдык кеңешинин депутаты катары алгылыктуу жумуштарды жасап жаткандыгын айтышып, чогулуштун төрагасы Ж. Разаковдун сунушун бир добуштан колдоду. Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу “Коммунист” айылынын М. Жээнбеков көчөсүнүн тургундарынын жалпы жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Чогулуштун төрагасы | Ж. Разаков |
Чогулуштун катчысы | К. Абдыразакова |