Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 188
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Джусупов Талайбек Сайпиевичти «Айылдын ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү жөнүндө
Коммунист айылынын жашоочуларынын жыйынынын протоколунун чечиминин, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушунун негизинде Социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп талкуулап Мырза-Аке айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Джусупов Талайбек Сайпиевич айылдын ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы, айыл калкынын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө, турмуш-тиричилик деңгээлинин көтөрүлүшүнө кошкон салымы, калк арасында урмат-сыйга ээ мыкты сапаттары, үлгүлүү эмгеги менен башкаларга үлгү көрсөткөндүгү үчүн «Айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Б.Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |
8.0.4.2016-ж №1 Мырза-Аке айылы Чогулуштун төрагасы – Ж. Разаков Чогулуштун катчысы – П. Караев Катышкандар : _______ |
УГУЛДУ:
Чогулуштун төрагасы Ж. Разаков жыйынды ачып, сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду. Джусупов Таалайдын басып өткөн эмгек жолун, таржымалын баяндап, үзүрлүү эмгектенип жаткандыгына айтып “Мырза-Аке айылынын ардактуу атуулу” наамын ыйгарууну сунуштады. Жарыш сөзгө чыккан Султанов Зулумбек, Т. Джусуповду депутаттык милдетин жакшы аткарып, элдин мүдөөсүн аткарып жатканын мектеп директору катары да иши ийгиликтүү экендигин белгилеп, “Мырза-Аке айылынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу татыктуу деп айтып өттү. Муратов Тилек, Джусупов Таалайдын эмгек жолунда татыктуу иштерди жасаганын эл арасында кадыр-баркка жетишкенин белгиледи. Кийинки сөздөргө Н. Кадыркулов, Б. Орозалиев, А. Асылбековалар чогулуштун төрагасы Ж. Разаковдун сунушун бир добуштан колдоду. Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу “Коммунист” айылынын Курманкулов, А. Полотов көчөсүнүн тургундарынын жалпы жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Чогулуштун төрагасы | Ж. Разаков |
Чогулуштун катчысы | П. Караев |