Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 189
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Р.С.Мырзакуловту «Айылдын ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын сунушунун, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин жалпы жыйынынын проколунун негизинде Социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 19-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну, айыл өкмөтүнүн башчысы
2. Мырзакулов Рахымбек Саитович айылдын ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы, айыл калкынын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө турмуш-тиричилик деңгээлинин көтөрүлүшүнө кошкон салымы, калк арасында урмат-сыйга ээ мыкты сапаттары, үлгүлүү эмгеги менен башкаларга үлгү көрсөткөндүгү үчүн «Айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңештин төрагасынынорун басары Б.Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |
6.04.2016-ж N 12 Мырза-Аке айылы Чогулуштун төрагасы – М. Бусуев Чогулуштун катчысы – А. Сатыбалдыева Катышкандар : Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери. Катышкандар : 28 |
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Мырзакуловго “Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
УГУЛДУ:
Чогулуштун төрагасы М. Бусуев жыйынды ачып, сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду. Мырзакулов Рахымбек Саитович 1966-жылдын 12-декабрында Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылында төрөлгөн. Фрунзе азыркы Бишкек шаарынын Финансы-экономикалык техникумду бүтүрүп, 1988-1989-ж Мырза-Аке кыш заводдо бухгалтер кызматында эмгек жолун баштап, 1994-1996-ж Мырза-Аке айыл өкмөтүндө башкы бухгалтер, 1996-2009-жылдар аралыгында Өзгөн мамлекеттик айыл чарба өсүмдүктөрдүн сортун сыноочу станциясынын башкы бухгалтери жана орун басары, 2009-2013-ж ошол эле мекемени директору, Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылышынын) депутаты 2013-ж бери Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келет. Алган сыйлыктарына токтоло кетсек Ардак грамота мамкомиссия, Өзгөн районлук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, Ош областык мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, Айыл чарба жана мелиорация Министрлигинин Ардак грамотасы, айыл чарбаныны мыктысы, муниципалдык кызматтын мыктысы сыйлыктардын ээси деген медал, наам, сыйлыктардын татыган. Мырза-Аке айылынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алып, Мырзакулов Рахымбек Саитовичти «Айылдын ардактуу атуулу» деген наам берүүнү колго салды. Жарыш сөзгө чыккан профсоюз уюмунун төрагасы, Адыр айылынын айыл башчысы Т. Шапаков өз сөзүндө чогулуштун төрагасы М. Бусуевдин сунушун колдоду. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн кызматкерлери А. Жумабаев, А. Намазов, К. Жороева, Ж. Айтбаева, Н. Орозматовдор чогулуштун төрагасы М. Бусуевдин сөзүн бир добуштан колдошту. Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жалпы кызматкерлеринин жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Чогулуштун төрагасы | М. Бусуев |
Чогулуштун катчысы | А. Сатыбалдыева |