Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 190
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Мырзамидинов Ибраимберди Шамшиевичти «Айылдын ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү жөнүндө
Обком айылынын жашоочуларынын жыйынынын протоколунун чечиминин, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушунун негизинде Социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 19-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Мырзамидинов Ибраимберди Шамшиевичке айылдын ар тараптуу өнүгүшүнө кошкон салымы, айыл калкынын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө, турмуш-тиричилик деңгээлинин көтөрүлүшүнө кошкон салымы, калк арасында урмат-сыйга ээ мыкты сапаттары, үлгүлүү эмгеги менен башкаларга үлгү көрсөткөндүгү үчүн «Айылдын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Б. Тынай уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |
15.04.2016-ж N 1 Мырза-Аке айылы Чогулуштун төрагасы – К. Каипбердиев Чогулуштун катчысы – Т. Жантаева Катышкандар : 32 |
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну И. Мырзамидиновду “Мырза-Аке айылынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
УГУЛДУ:
Чогулуштун төрагасы Обком айылынын тургуну К. Каипбердиев жыйынды ачып, сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду. Мырзамидинов Ибраимбердинин басып өткөн эмгек жолун, таржымалын баяндап, үзүрлүү эмгектенип жаткандыгына айтып, эл расында кадырлуу баркка ээ экендигин баса белгилеп, айылдык депутат катары Обком айылынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ар дайым өз үлүшүн кошуп жакындан жардам берип турат деп “Мырза-Аке айылынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу сунуштады. Жарыш сөзгө чыккан Ш. Турдукеев, К. Асанова, М. Жолболдуев Мырза-Аке айылдык кеңешинин депутаты катары кадыр баркка ээ экендигин айтып, Чогулуштун төрагасы К. Каипбердиев сунушун бир добуштан колдоду. Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап, Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу “Обком” айылынын К. Датка көчөсүнүн тургундарынын жалпы жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн тургуну Мырзамидинов Ибраимберди Шамшиевичти “Мырза-Аке айылынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу Мырза-Аке айылдык кеңешинен суралсын.
Чогулуштун төрагасы | А. Кимсанов |
Чогулуштун катчысы | Т. Жантаева |