Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-майы № 226
Салам-Алик айылындагы Лесхоз мааласинин көчөсүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
Салам-Алик айылынын тургуну Муратова Рапиянын билдирүүсүн жана атуул Муратов Калдарбектин көчөгө ысым ыйгаруу боюнча айылдын Лесхоз мааласинин 19 атуулдун кол тамга арызын карап Салам-Алик айылдык кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 30-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл аймагынын көчөлөрүнө ысым ыйгаруу боюнча айылдар ичинде талаштуу маселелер жаралгандыгына байланыштуу аталган маселени чечүү элдик жыйындын жана депутаттык топтун кароосуна коюлсун, андан кийин тийиштүү комитеттерде каралып, жалпы сессияга алып чыгылсын.
2. .Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо жана социалдык маселелери, билим берүү тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Э. Абдыкааров |