Редакцияот 19.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айыл кеӊешинин 5-чакырылыш кезектеги 31-сессиясы

 

2016-жылдын 19-июлу № 228

Мал чарбасын тейлеген эмдөөчү вет. сервисинин жана мектептердин 2016-2017-жаӊы окуу жылына ремонт иштеринин абалы жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесининин 6-бөлүкчөсүнө ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн мал чарбасы жана ветеринария башкы адиси М.Алибековдун жана Салам-Алик айыл кеӊешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелери боюнча туруктуу комисиянын төрайымы Б.Калмурзаеванын отчетторун талкуулап Салам-Алик айыл кеӊешинин 5-чакырылыш кезектеги 31-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн мал чарбасы жана ветеринария боюнча башкы адиси М.Алибековдун жана Салам-Алик айыл кеӊешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелери боюнча туруктуу комисиянын төрайымы Б.Калмурзаеванын отчеттору канааттандырарлык деп табылсын.

2. .Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеӊешинин жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо, социалдык маселелери, билим берүү тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Балыкчы шаардык

Кеӊешинин төрагасы

А. Таштемиров