Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-июлу № 232
Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Салам-алик айыл аймагынын ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Нуралиеванын билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеӊешинин 5-чакырылыш кезектеги 31-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, статистикалык маалыматты жыйноо боюнча Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеӊешинин турак жай, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |