Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-июлу № 233
Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жөнүндө
Салам-Алик жайыт комитетинин төрагасы Чыбышев Токтогулдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.09.2013-жылдагы «Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жөнүндөгү» токтомунун негизинде иштелип чыккан Типтүү Жобого ылайык жайытты башка максатта пайдаланып жаткан атуулдарга жайыт акы чегерүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айылдык кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 31-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт аянтындагы ит мурун, жаңгак жана дары чөптөрдү жыйнап жаткан жайыт пайдалануучулардан жыйналган түшүмдөн 10 % кем эмес жайыт акы алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик жайыт комитетине милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин айыл жана токой чарба тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |