САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеӊешинин 5-чакырылыш кезектеги 31-сессиясы
2016-жылдын 19-июлу № 234
Салам-Алик жайыт комитетинин стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Салам-Алик жайыт комитетинин 2016-2019-жылдарга жазылган стратегиялык планы Салам-Алик Жайт комитетинин төрагасы Т.Чыбышевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Салам-Алик айыл кеӊешинин 5-чакырылышынын кезексиз 31-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Салам-Алик жайыт комитетинин 2016-2019-жылдарда климаттык өзгөрүү шарттарына карата жайыт башкаруу жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү планы кабыл алынсын.
2. Токтомду көзөмөлдөө Салам-Алик айыл кеӊешинин айыл жана токой чарба тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |