САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 31-сессиясы
2016-жылдын 19-июлу № 235
Ар түрдүү маселелер
Жалпы депутаттардын добуш берүүсүнүн натыйжаында Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 31-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-беренесине ылайык:
- Салам-Алик айылынын айыл башчысы кызматынын эмгек акысы айыл өкмөтүнүн бюджетинин ЖКХ бөлүмүнөн төлөнүп берилсин;
- Салам-Алик айылындагы көмүр каттоочу постко 2 адам убактылуу (сезондуу) каттоочу болуп кабыл алынсын жана аларга 6 (алты) айга айыл өкмөтүнүн бюджетинин ЖКХ бөлүмүнөн 112600 (жүз он эки миң алты жүз ) сом өлчөмүндө эмгек акы төлөнүп берилсин;
-ар бир мектепке мектептин ремонту үчүн 10,0 миң сомдон 60,0 (алтымыш миң) сом бөлүнүп берилсин;
2. Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 12-3000-сандуу кайрылуу катынын жана Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы «Кыргыз Республикасынын укук бузуучулардын алдын алуу жөнүндө» № 82-сандуу Мыйзамына ылайык Салам-Алик айыл аймагынын участкалык тескөө бөлүмүнө айыл өкмөтүнүн тийиштүү сметасынан 10000-00 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы 15 жаш айылынын Кара-Суу мааласинен эски магазинге чейин айылдын атуулу, маркум Түркмөнов Качыкенин ысымын ыйгаруу маселеси кол койдуруп топтоо эмес 15 жаш айылынын жалпы элдик жыйында- жеринде кол көтөрүү добушу менен чечилсин жана сунуш артка кайтарылсын.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо, социалдык маселелери, билим берүү тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Трага | А. Таштемиров |
ң