Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-ноябры № 162
Бекмолдо айыл аймагынын 2015-жылдын 9 ай боюнча жыйынтыгынын Жер-Үй алтын кени тарабынан пландан ашык 170 364 546 сом лиценциялык каражатынан түшкөн акча каражатын максаттуу жумшоо үчүн талкулоо жөнүндө
Күн тартибине коюлган 17.11.2015-жылдын Бекмолждо айыл округунун аймагындагы жалпы элдин жыйынын протоколун жана 2015-жылдын 9 айдын жыйынтыгы боюнча пландан тышкары бюджетке ашык түшкөн 170 364 546 сомду айылдык Кеңештин депутаттары карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагындагы 4 (төрт) мектебине кышкы даярдыкка электро котелдорду оңдоо жана ремонт иштерине 2 000 000 (эки миллион миң ) сом акча каражаты 170 364 546 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.
2. Бекмолдо айыл аймагындагы 4 (төрт) мектебине Дүйнөлүк азык түлүк программасынын “Мектептеги окуучуларды тамактандырууну оптималдаштыруу программасынын алкагында ашканаларды талапка ылайык ремонттон өткөрүү жана керектүү идиш аяктарды алуусуна 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты 170364 546 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.
3. Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой жана Сасык-Булак айылындагы бала бакчаларды жана ФАП, почта, библиотеканы ремонтоо жана эмеректерди алуу үчүн 772 000 (жети жүз жетимиш эки миң) сом эмеректерди жана башка буюмдарды алуу үчүн, 328 000 (үч жүз жыйырма сегиз миң) сом чарбалык жана ар кандай керектелүүчү товар алууга, 5 340 000 (беш миллион үч жуз кырк мин) сом ремонттоо жана жылуулук системасын орнотуу үчүн 170 364 546 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.
4. Элге кредит катары насыя берүү үчүн 30 000 000(отуз миллион) сом акча каражаты 170 364 546 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.
5. Сасык-Булак айылындагы спорт комплексине суу чыгаруу үчүн 150 000 (жүз элүү миң)сом, тегерегин курчоо үчүн 490 000 (төрт жүз токсон миң) сом,трансформатор алуу үчүн 560 000 (беш жүз алтымыш миң) сом акча каражаты 170 364 546 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.
6. Бекмолдо айыл аймагына техника алуу үчүн 9 500 000 (тогуз миллион беш жүз миң) сом акча каражаты 170 364 546 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.
7. Бекмолдо айыл аймагында электр энергияга 3 915 400 (үч миллион тогуз жүз он беш мин төрт жүз ) сом акча каражат 170 364 546 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.
8. 170 364 546 сомдун акча каражаты социалдык обьектилердин долбоорлоруна бөлүп берүү жагы финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М.Стамалиевге милдеттендирилсин.
9. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Абдыкадыровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орозалиев |