Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 173
Талас районундагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу “Айлампа” участогундагы 146 гектар жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 21-апрелиндеги “ 285 токтомунун негизинде “Кыргыз Алтын” ачык акционердик коомуна 49 жылга ижарага берилген. 2016-жылдын 22-мартында “Кыргыз Алтын” Ачык акционердик коому менен “Альянс Алтян” жоокерчилиги чектелген коомунун ортосундагы эки тараптуу макулдашуу аркылуу аталган жер тилкеси “Альянс Алтын” компаниясына өткөрүлүп берилип, 2016-жылдын 29-мартындагы Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан күбөлүк ыйгарылсын.
Жогорудагы мыйзамдуу документтерди негиз кылуу менен күн тартибине коюлган
Маселени айылдык кеңешинин депутаттары карап жана талкуулап чыгып,Бекмолдо айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн менен дыйкандардын ортосундагы 2012-2014-жылдын аралыгындагы айыл аймагына караштуу “Айлампа” участогунун 146 гектар жерге түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылсын.(тизме тиркеле).
2. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн чыгарган токтомдорун жана келишимдерин мыйзам ченемдерине ылайыкташтыруу айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу С.Өмүралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орозалиев |