Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 177
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүмүнө оңдоолорду киргизүү жөнүндө
Күн тартибине коюлган Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинен келген 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 14-02-2/4718 каттагы маселени карап жана талкуулап чыгып,айылдык кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагына 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүмүнө “Жер Үй” алтын кени тарабынан инфраструктураны өнүктүрүүгө жана камсыздоого 86 000,0 мин сом бюджеттеги планга каралып берилген.2016-жылдын 1 кварталынын планына 5736,0 миң сом, IV кварталынын планына 80 264,0 миң сом . “Жер Үй” Алтын кени ишке берилбей жатканына байланыштуу 2016-жылы Жергиликтүү маанидеги өнүктүрүү жана камсыздоого чегерүүлөр жергиликтүү бюджетке түшпөйт. Ошондуктан жогоруда көрсөтүлгөн дооматтарды эске алып жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүмүнө ондоо киргизилип берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С. Өмүралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орозалиев |