Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 179
“Априори-Электроник” ЖЧКнын каржы директору Е.Умбетбековдун кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибиндеги коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекмолдо айыл аймагынын “Балажон” кварц кенинин “Северный” участкасындагы геологиялык-чалгындоо иштеринин бургулоо жумуштарын баштоого уруксат берилсин.
2.“Балажон” кварц кенинин “Северный” участкасындагы геологиялык-чалгындоо иштеринин бургулоо жумуштары бүткөндөн кийин чалгындоо жумушу жүрүүгө уруксат берилсин.
3. Бекмолдо айыл аймагынын “Балажон” кварц кенинин “Северный” участкасындагы геологиялык-чалгындоо иштеринин бургулоо жумуштары бүткөндөн кийин соц.пакет түзүлсүн жана соц.пакет түзүүгө төмөндөгүдөй жумушчу топ түзүлсүн:
Жумушчу топтун төрагасы: Оторбаев С. – кеңеш айылынын тургуну;
Мүчөлөрү: Болотов К. – айылдык кеңешинин депутаты;
Кутманалиев Т. – айыл башчы;
Чыналиев Т. – айылдык кеңешинин депутаты;
Өмүралиева С. – айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу.
Төрага | К. Орозалиев |