Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели №181
“Талас районунун Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой айылынын жашоочуларынын кайрылуусу менен Кара-Ой айылына “Байдылда Сарногоев“атындагы айылы деп ысымын ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибине коюлган Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой жашоочуларынын кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Бекмолдо айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылы “Байдылда Сарногоев атындагы айылы“ деп аталсын.
2.Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С. Өмүралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орозалиев |