Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели №185
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн соц.адиси Калилова А. кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып,айылдык кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн соц.адиси Калилова А. жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Бекмолдо айыл аймагында жашаган аз камсыз, мүмкүнчүлүгү чектелген үй- бүлөлөргө, жалгыз бой адамдарга отун суусун алып берүүгө, комиссия мүчөлөрү менен үйлөрдү кыдырууга жана бөлмөнүн айнектерине жалюз алып берүү үчүн сметада көрсөтүлгөн 23 000 (жыйырма үч) миң сом акча каражаты бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С. Өмүралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орозалиев |