Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 187
Жазгы талаачылык жумуштарынын айдап-себүү жана малдын жайыт акысынын баалары жөнүндө
Бекмолдо айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы күн тартибине коюлган маселелерди карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аймагындагы кеңеш, Сасык-Булак жана Чоң-Токой айылынын жалпы элдик чогулушунун протоколунун негизинде жазгы талаачылык жумуштарынын айдап-себүү баалары жана малдын жайыт акысынын баалары былтыркы 2015-жылдын баалары менен калтырылсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С. Өмүралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орозалиев |