Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 193
Жер-Үй Алтын кени тарабынан 2015-жылдын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнүн планынан ашкан 157 242 232 сом эркин каражатты максаттуу пайдалануу жөнүндө
Күн тартибине коюлган 05.04.2016-жылдын Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын жалпы элдин жыйынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылына айыл чарба техника: картошка копалка 2 (эки) даана алуу үчүн 1 000 000 (бир миллион ) сом акча каражаты 157 242 232 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Өмүралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орозалиев |