Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 206
«Бекмолдо айыл аймагындагы таштанды төгүү үчүн жерди бөлүп берүү жөнүндө»
Күн тартибинде коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагында жайгашкан Сасык-Булак айылына караштуу № 1109 чөйрө сызыгынан 0,20 га жер тилкесин Сасык-Булак жана Кара-Ой айылдарынын жашоочуларына, кеңеш айылына караштуу № 240 чөйрө сызыгынан 0,20 га жер тилкесин кеңеш айылынын жана Чоң-Токой айылынын жашоочуларына таштанды төгүү үчүн жер тилкеси берилсин.
2. Документтерди бүткөрүп берүү жагы Талас райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу С. Өмүралиевга милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орозалиев |