Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 207
«Бекмолдо айыл аймагындагы чуңкур ветеринардык (ветеринарская яма) казуу жөнүндө»
Бекмолдо айылдык аймагына караштуу Кара-Ой, Сасык-Булак, Кеңеш, Чоң-Токой айылдарына, чуңкур (ветеринарская яма) казуу жөнүндөгү арызын карап чыгып, Бекмолдо айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айылдык аймагына караштуу Кара-Ой, Сасык-Булак, Кеңеш, Чоң-Токой айылдарында ооруп өлгөн малдарды талаага таштабай көмүп салуу үчүн чуңкур (ветеринарская яма) казуу иштери жүргүзүлсүн.
2. Кара-Ой айылына тиешелуүү чуңкур эски МТФнын жана Талас суусунан 1,8 км аралыкта Түндүк-Батыш тарапта №1378 чөйрөсызыгы 9,8 га жер аянтында тегереги жайыт жер.Сасык-Булак айылынын түндүк тарабындагы “Жошо” өзөнүн көздөй Талас суусунан 2 км аралыкта “Жошо” өзөнүнүн күн чыгыш тарабындагы №1304 чөйрөсызыгы 2,5 га жер аянтында тегереги жайыт жер.Кеңеш айылына тиешелүү чуңкур айылдын түштүк-батыш тарабында 2,5 км аралыкта “Бөрү көрбөз” өзөнүндөгү №236 чөйрөсызыгы 1,0 га жер аянтында жайгашкан. Чуңкурдун түштүк-батыш тарабында 120 м алыстыкта жайгашкан жамааттын жер үлүштөрү бар, калган тегереги жайыт жер.Чоң-Токой айылына тиешелүү чуңкур Чоң-Токой айылынан Аралга кетүүчү жолдон 1,5 км аралыкта, ошол эле Көпүрө-Базар айылына кетүүчү автотрассадан күн чыгыш тарабын көздөй 2,5 км аралыкта, “Бор-Тартар” өзөнүнүн №33 чөйрөсызыгы 2,7 га жер аянтында тегереги жайыт жер.
3. Бекмолдо айылдык аймагына караштуу Кара-Ой, Сасык-Булак, Кеңеш, Чоң-Токой айылдарынан ооруп өлгөн малдарды талаага таштабай көмүп салуу үчүн чуңкур (ветеринарская яма) казуу үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн жерлерден берилсин.
4. Документтерди бүткөрүп берүү жагы Талас райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу С. Өмүралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орозалиев |