Загрузка документа…
НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-ноябры № 13
Жерүй алтын кенинен түшкөн акча каражатынын эсебинен Нуржанов айылдык аймагына караштуу бөлүнгөн акча каражатына жазалып жаткан иштерге кошумча акча каражатын жумшоо боюнча
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нуржанов айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 2016-жылдын кезектеги 5-сессиясынын токтомунда каралган Талас райондук өнүгүү фондусуна сунушталган иштерге Нуржанов айылдык аймагына караштуу Жон-Арык, Көк-Токой айылдарында жазалып жаткан курулуш иштерине кошумча иштерди аткаруу боюнча
- Жон-Арык айылындагы курулуп жаткан балдар бакчасына кошумча курулуш иштерин жүргүзүүгө;
-Жон-Арык айылындагы курулуп жаткан балдар бакчасына кошумча иштерди жана балдардын ойноочу аянтчасын курууга;
-Көк-Токой айылындагы кичи футбол аянтчасынын тегерегине кошумча курулуш иштерин жазап аткарууда талас райондук өнүгүү фондусунан сметага ылайык акча каражаты суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы М.Бегалиевге милдеттендирилсин;
Төрайым | Р. Жееналиева |