Редакцияот 27.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Нуржанов айылдык кеңештин 6- чакырылышы

 

2016-жылдын 27-июлу № 9

“Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым укуктарды берүү жөнүндөгү типтүү келишимди кароо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтомун менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнңндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен түзүлгөн типтүү келишимди карап чыгып, Нуржанов айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтомунун негизинде статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча 1 штаттык бирдик бекитилсин;

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нуржанов айыл өкмөтүнүн башчысы М. Бегалиевге жүктөлсүн.

 

Төрайым

Р. Жееналиева