Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № XXXI -5
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Жаша-Балалык-Таны» балдар бакчасынын кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 482 токтомуна негиз, штаттык бирдигине жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Жаша-Балалык-Таны» балдар бакчасынын кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-июлундагы № 482 токтомуна негиз, штаттык бирдигине жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөп берүү жөнүндөгү мыйзамды эске алып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Жаша-Балалык-Таны» балдар бакчасынын штаттык бирдигине негиз жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөнүп берилсин.
2. Эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А. Ажибаев |