Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № XXXI -6
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө ПРООНдун долбоору аркылуу куруулучу балдар бакчасына жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылынын айыл башчысы К.Маткаримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын 15-январындагы № 2 мыйзамынын 15 беренесине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө ПРООНдун долбоору аркылуу курулуучу балдар бакчасына жергиликтүү бюджеттен 4,000 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А. Ажибаев |