Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № XXXI -9
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылындагы балдар бакчасын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын айыл башчысы А.Закировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын 15-январындагы № 2 мыйзамынын 15 беренесине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылындагы балдар бакчасын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 5000,0 миң.акча каражат бөлүнүп берилсин
2. Акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А. Ажибаев |