Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № XXXI -10
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын Куммайдан бөлүмүндөгү балдар бакчасын курулушуна жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын айыл башчысы К.Маткаримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын 15-январындагы № 2 мыйзамынын 15 беренесине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы балдар бакчасын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 2,400 мин сом акча каражат бөлүнүп берилсин
2. Акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А. Ажибаев |