Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № XXXI -11
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын Сарыбай бөлүмүндөгү балдар бакчасынын курулушуна жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын айыл башчысы А.Закировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 15-январындагы № 2 мыйзамынын 15 беренесине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын Сарыбай бөлүмүндөгү балдар бакчасынын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 3000,0 мин сом акча каражат бөлүп берилсин.
2. Эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А. Ажибаев |