Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 32-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-суу» ишканасынын 2015-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жана 2016-жылга иш пландарын жана тарифин бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын жетекчисинин 2015 жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун жана 2016-жылга алынуучу салыктын тарифин угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын жетекчиси Ш.Ахмедовдун 2015-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Т.Кулатов айылдык округу боюнча таза суу пайдалануучуларга төмөндөгүдөй наркта тариф бекитилсин.
А-ар бир адамга (жалпыга) бир айда 10 (он) сомдон төлөө тарифи бекитилсин.
Б-жеке түтүкчөлөрү бар үй ээлерине айына 200 (эки жүз) сомдон баа бекитилсин.
В-мекеме, ишкана ж.б социалдык мекемелерге м3 менен эсептеп түзүлгөн калькуляцияга ылайык төлөө белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «суу-чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына» жана А.Ажибаевке милдеттендирилсин.
Төрага | А. Ажибаев |