Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 32-2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015--жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Рустамовдун 2015-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун жана 2016-жылга алынуучу тарифин угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамовдун 2015-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Мал багуу үчүн жайлоого чыккан ар бир түтүнгө отун акы 1000 (бир мин) сом, ар бирбаш кара мал үчүн жайыт акысы 119 (бир жүз токсон тогуз) сом, бир баш жылкыга 200 (эки жүз) сом, бир баш койго 30 (отуз) сом, жакынкы жайытка чыккан ар бир баш эчкиге 30 (отуз ) сом, алыскы жайытка чыккан ар бир баш эчкиге 55 (элүү беш) сом, коёушу айыл өкмөттөрүнөн келген кара малга 500 (беш жүз) сом,жылкыга 500 (беш жүз) сом, ал эми кой, эчкилерге 100 (жүз) сомдон тарифин бекитүү жөнүндөгү сунушу бекитилсин.
3. Ортонку жайыттардан эгин айдоо жана чөп чабуу үчүн тосуп алган ар бир сотых жер үчүн 150 (бир жүз элүү) сом, жакынкы жайыт жерлеринен:-кайрак суу чыкпаган жайыт жерлеринен ынгайсыз деп өздөштүрүлгөн жерге ар бир сотых жерге 30 (отуз) сомдон, суу чыккан өздөштүрүлгөн жайыт жерлери үчүн ар бир сотых жер аянтына 40 (кырк) сомдон тарифин бекитүү жөнүндөгү сунушу бекитилсин.
4. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2016-2018-жылга карата иштеп чыккан 3 (үч) жылдык жана 1 (бир) жылдык иш пландары алымча кошумчасын эске алуу менен бекитилсин.
5. Ноокат токой чарбасынын 2016-жылдагы токой чарбасынын териториясына чыкчу малдардын түрүнө жараша сезонго коюлган баасы бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча жана «айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо» боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровко жүктөлсүн.
Төрага | А. Ажибаев |
Кызыл-Булак айылы 10-февраль 2016-жыл.
Жыйынга катышкандардын саны: 56 киши.
Жайыт призидиуму. НРАӨБ нын башчысы - М.Турдуевтокой чарбасынын директорунун орун басары Ж.Элчибеков, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Көчкөнов,Т.Кулатов атындагы айылдык кеёештин төрагасы – А.Ажибаев, Ноокат райондук жайыт пайдалануучулар ассосоциясынын төрагасы – Т.Жолдошов.
Күн тартибиндеги маселелер:
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Кулатов жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамов доклад жасап, төмөнкүлөргө токтолду: 2015-жылга божомол бюджети 433 530 сомду түзсө, анын аткарылуусу 572 000 сомду түздү. Б.а 132%ке аткарылды. Аткарылган бюджеттин чыгашасы: Жайыт салыгына – 250 000 сом, 3% сатуудан түшкөн салык - 12 000 сом, соц.фонд – 30 000 сом, транспорттук чыгым – 8 000 сом, эмгек акыга – 109 000 сом, түрдүү чыгымдар – 10 000 сом, жайыт инфраструктурасына – 142 000 сомду түздү. Инфраструктурага жумшалган акча каражатына токтолсок. /ч-Терек жолуна Ветеринардык жайыт посту ремонттоого 24 000 сом . Эски совхоздон калган купканы ремонттоого 90 5000 сом.Донуз-Булагын ремонттоого 11500 сом. Табигий жайыттардагы чөп чабылчу Сасык булак,Көк-Жалан жайыттарынын жолун ремонттоого 16 000 сом акча сарпталды.
Экинчи маселе боюнча РЕВ ком жардамчысы Эралиев Келдибек сөзгө чыгып 2015-жылдагы аткарган иштерди бүткөрүлгөндө көзөмөл жүргүзүлүп, кароосуз калган жайыттар 2-3 жылдан бери чон-чон өзгөрүүгө учурай баштап, ветеринардык жайыт посту, көпүрөлөр курулуп, булактар өндөлуп жайыт ээси табылгандыгына басым жасап аткарган жумуштардын сапаты, чыгымдары канааттандырарлык экендиги белгиленди.
/чүнчү маселе боюнча жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамов отчет берип, төмөнкүлөргө токтолду. 2016-жылга божомол бюджет 540 000 сомду түзүп, алар негизинен жайыт пайдалануучулардан жайыт акысы үчүн 495 000 сом, жайытты кыйыр пайдалануучулардан 45 000 сом жыйналары пландаштырылган.Божомол бюджеттен чыгаша бөлүгү болсо жайыт налогу 171 495 сом. Эмгек акы 141 000 сом. Транспорттук чыгымга 40 000 сом, сапар чыгымына 8 000 сом. Сатуудан түшкөн 3% салыкка 16 092 сом.
Инфракструктурага 127 000 сом жана түрдүү чыгымдарга 12 000 сом каралгандыгы белгиленди.
Төртүнчү маселе боюнча Ж.К. төрагасы К.Рустамов билдирүү жасап айыл айылда жыйын өткөрүлгөндө айылдардан ЖК мүчөлүгүнө аялдар жана жаштардын жоктугун эске алып өкүл шайлангандыгын жана алардын үчөөсү аялдар экендигин баса белгилеп ошол тизмени колдоп берүүнү өтүндү.
Жарыш сөзгө Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров чыгып, биринчиден ветеринардык жайыт постун куруу өзүнүн натыйжасын көрсөткөндүгүгн, инспектордун санын көбөйтүү боюнча жана жайыт комитети менен тыгыз байланышта иш алып барары жөнүндө сөз сүйлөдү.
Бешинчи маселе боюнча сөз алгандар: Исков Абдивали Сарыбай айылында малга жайыт жетишпестигин башка жактан жайыт берүүнү билдирди.Камчиев Аким жакынкы жайыттар аябай жакырлангандыгы, аларды коргоо керектиги, алыскы жайытка малды тегиз айдоону уюштурууну сунуштады.Исраилов Бегали өзүбүздө жайыт жетишпей жаткан башка жактан келип жаткандыгы жөнүндө сөз сүйлөдү.Турдуев Мухамед ветеринардык жайыт постунун натыйжалуулугуна токтолуу менен ал жерге малды убактылуу кармоого жайды куруу зарылдыгын айтты.Андай кийин Эралиев Келдибек, Базарбаев нурали, Нарматов Жанибек, Алайчиев Мурзали, Балтабаевдер да сөзгө чыгып өздөрүнүн сөзүндө, Абшырсай участкасынын Шеит-Мазардан түшчү жолго Кош-Дөбө айылына көпүрөө, Сасык-булак булагын куруу жөнүндө койлордун жүнүн кыркуу үчүн көчмө кыркуу агрегатын сатып алуу, жайыттардагы коночолорду отоо чөп (тикен) басып кеткен аларды жок кылуу чаралары, сүт продуктыларын сатууда кардарлардын жоктугуна. Багланда мал айдоого жол жоктугун, жайыттарды жакшыртуу ал жерге эспорцет уругун жана башка урук себүүнү уюштурууга, башка жактан алып келинген малдарга контролду күчөтүү керектигин, штрафтар аз экенин, башка жактан алып келинген малдарга контролду күчөтүү керектигин, штрафтар аз экенин, башка жактан келгендер акы төлөп коюп биздин жайытка келе берип жаткандыгына токтолду.
Ноокат токой чарбасынын директорунун орун басары Ж.Элчибеков быйылкы 2016-жылы токой чарбасынын териториясына чыкчу малдардын түрүнө жараша сезонго 20 сомго көбөйөрүн б.а. койго 36 сом кара малга 60 сом болот бул баанын өсүүсү, талаптын жогорулоосун элге түшүндүрүү, жыйындын токтомуна киргизүү менен айылдык кенештин сессиясында бекитирүүнү суранды.
Жогорудагы суроо жооп, талап сунуштар талкууланып жалпы жыйын
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Т.Кулатов атындагы пайдалануучулар бирикмесинин жалпы жыйынынын төрагасы: _______________Д.Көчкөнов.
Т.Кулатов атындагы жайыт пайдалануучуларБирикмесинин жалпы жыйынынын катчысы: ______________И.Сабиров.