Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 32-9
Кош-Дөбө айылындагы “Тилекмат” балдар бакчасынын эски имаратын аукционго коюу менен сатуу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылында өткөрүлгөн жалпы элдик жыйындын протоколун, жоопкерчилиги чектелген “Базис-АЭА” Шифр 03.16ТЗ, 21.01.2016-жылдагы техникалык корутундусунун жана жоопкерчилиги чектелген “Мир природы” ишканасынын 02.02.2016-жылдагы № 04 сандуу баалоо боюнча отчетун угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылындагы “Тилекмат” балдар бакчасынын имараты аукционго коюуп сатуу жөнүндө массалык маалыматтарга жарыялансын.
2. Балдар бакчасынын эски имаратына өткөрүлгөн аукциондон түшкөн каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине кириштелсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго тапшырысын.
Төрага | А. Ажибаев |
Кош-Дөбө айылы 19-декабрь 2015-жыл
Жалпы жыйынга Көш-Дөбө айылынын тургундары, айыл өкмөт башчысы, айыл башчы жана башка адистер катышты. Жалпы – 43 адам.
Жалпы жыйындын күн тартибинде:
Кош-Дөбө айылына мечит куруу боюнча айыл өкмөтүнөн чыккан токтомго өзгөртүү киргизип, башка жерден жер ажыратып берүү жөнүндө.
Угулду:
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчычы Н.Мадимаров күн тартибиндеги маселе боюнча төмөнкүлөргө токтолду:
Урматтуу Кош-Дөбө айылынын жарандары өзүёүздөргө белгилүү биз айыл өкмөттүн атынан мечит курууга токтом менен жер ажыратып бергенбиз. Бирок сиздер сүйлөшкөн мечит куруп берүүгө келген демөөрчүлөргө ал жер жакпай калды. Ошондуктан эски бала-бакча болуп турган жерди мечитке токтом чыгарып документациясын даярдоого жардам кылгыла деп бир топ аксакалдар жана Кош-Дөбө айылынын жарандары эрте менен мага оозэки кайрылуу жасашты.Ушул маселе боюнча сиздер менен сүйлөшүүгө келдим эле. Сиздердин пикириёиздерди угуп, ошого карата чечим чыгарсак деген ойдо.
Жарыш сөзгө чыккан Кош-Дөбө айылынын аксакалы Амиров Парпи чыгып төмөнкүлөрдү айтты: Биз башында эле Кош-Дөбө айылынын борборуна жакын жерде эстелик бар. Айылдын көркү болот деп. Эски башталгыч мектеп болуп турган. Азыркы мезгилде бала бакча болуп иштеп туруп, 2010-жылкы жер тербөөдөн кийин МЧС тарабынан жараксыз деп табылган имаратын бузуп, ошонун ордуна салууну сунуш кылып жүргөн болчубуз.
Бирок тилекке каршы көпчүлүктүн пикири эске алынбай эле аз гана адамдын пикири менен силер «Апшыр-Таза суу» ишканасынын суу сактоочу кампасы жайгашкан жерден мечитке орун берип,токтом чыгарып коюптурсунар. Ал жерге мечит курууга келген демөөрчүлөрдүн пикири боюнча мечит курууга мүмкүнчүлүк болбой калат экен. Кыбласы да туура келбей калат турбайбы.
Ушул эле ойду, пикирди Боронов Аттокур, Абдырахманов Жали, Узакбаев Кочкор, Мамаев Арыстан жана башкалар колдоп, кубатташып айыл өкмөтүнүн токтомун мечит куруу үчүн эски бала бакча турган жердин ордуна чыгарып берүүсүн айыл өкмөтүнөн суранышып элдин атынан кайрылышты.
Жогоркуларды угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айылынын жамаатынын жалпы жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Чогулуштун төрагасы: Ж.Абдырахманов
Чогулуштун катчысы: А.Айткулов