Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-июлу № 33-2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө айыл аймагындагы «Жин-Жиген» көмүр кен байлыгына көзөмөл кылуу үчүн комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Экология жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы Араван жана Ноокат райондор аралык башкармалыгынын 2016-жылдын 6-апрелиндеги айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан, «Жин-Жиген» көмүр кен байлыгына текшерүү жүргүзүлүп, жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Т.Кулатов айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө айыл аймагындагы «Жин-Жиген» көмүр кен байлыгына көзөмөл кылуу үчүн комиссия курамы түзүлсүн.
Комиссиянын төрагасы- Д.Көчкөнов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.
мүчөлөрү: М.Разаков- жер комиссиясынын төрагасы
К.Рустамов- жайыт комитетинин төрагасы
Боркош уулу Дамир- «Айылкурулуш» ишканасынын жетекчиси
К.Камчиев-аксакалдар сотунун төрагасы
2. Ар бир айдын 25 де «Жин-Жиген» көмүр чыгуучу жерлерге барып кабар алып туруу жагы комиссия курамына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Ажибаев |