Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-июлу № 33-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Кожо –Арык айылындагы Кызыл бөлүмүнөн Жоопкерчилиги чектелген «Тики Энерджи» коомунун катынын негизин деги офис, жумушчулар үчүн жатакана, ашкана, авто гараж курууга убактылуу пайдалануу үчүн 1,0 га жайыт жер аянттарынан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттун байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Г.Абдуллаевдин Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Кожо –Арык айылындагы Кызыл бөлүмүнөн Жоопкерчилиги чектелген «Тики Энерджи» коомуна жер участокторун бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» Убактылуу жобонун талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын жер кодексинин № 15-27 беренесин жетекчилике алып, билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Кожо –Арык айылындагы Кызыл бөлүмүнөн Жоопкерчилиги чектелген « Тики Энерджи» коомуна офис, жумушчулар үчүн жатакана, ашкана, авто гараж курууга 20 –жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдалануу үчүн 1,0 га жайыт жер аянттарынан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттун байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн макулдук берилсин..
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Кожо –Арык айылындагы Кызыл бөлүмүнөн офис,жумушчулар үчүн жатакана ,ашкана,авто гараж курууга убактылуу пайдалануу үчүн 1,0 га жайыт жер аянттарынан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттун байланыштын жана башкалардын жерлери» категорияга которууга (трансформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ажыратылып берилген жер аянттын иштеп бүткөндөн кийин бузулган жер аянттарын баштапкы калыбына келтирип (рекультивизациялоо) жагы Жоопкерчилиги чектелген « Тики Энерджи» коомуна жуктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттары боюнча туруктуу комиссиясына жана жер адисине тапшырылсын.
5. Ушул токтомду көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жуктөлсүн.
Төрага | А. Ажибаев |