Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ ЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-июну № 33-4
Ноокат райондук аймактык ооруканасынын «Жал» бөлүмүнүн башчысы А.Абдуллаевдин жана № 16 ҮДТнун клиникалык жетекчиси Ф.Гайназарованын сураныч катын кароо жөнүндө
Ноокат райондук аймактык ооруканасынын «Жал» бөлүмүнүн башчысы А.Абдуллаевдин жана № 16 /ДТнун клиникалык жетекчиси Ф.Гайназарованын сураныч катын угуп, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-беренесине, жер кодексинин 44-беренесинин 3 пунктуна таянып Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жал» айылдык ооруканасына тийешелүү болгон бактын ичинен карылыгы жеткен 29 түп теректи кесүүгө уруксат берилсин.
2. Карылыгы жеткен бак-дарактарды кестирүү үчүн комиссия курамы түзүлсүн.
1. А.Абдиллаев-Жал айылдык ооруканасынын бөлүм башчысы.
2. Ф.Гайназарова- № 16 /ДТнун клиникалык жетекчиси.
3. Г.Ашимова- профсоюз уюумунун төрайымы.
4. М.Сабирова- улуу мед.айым.
5. З.Эргешова-тез жардам бөлүмүнүн даарыгери.
6. Г.Абдуллаев-айыл өкмөтүнүн жер адиси.
7. С.Бойдонов-муниципалдык менчик обьектилерин куруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси.
1. Кесилген теректер сатыкка коюулуп, акчасы оорукананын ремонтуна иштелсин.
2. Акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы А.Абдиллаевге жана Ф.Гайназаровага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба ,суу, жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Ажибаев |