Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-августу № 34-1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик Катто Кызматынын калкты жана жараандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан иштелип жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамлелер иштери боюнча Мамлекеттик агентиги менен маакулдашылган «Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү» тууралуу келишиминин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик Каттоо Кызматынын калкты жана жараандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан иштелип жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер иштери боюнча Мамлекеттик Агентиги менен маакулдашылган «Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү» тууралуу келишиминин долбоорун угууну жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 20 жана 31-беренесине ылайык Т. Кулатов атындагы айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик Каттоо Кызматынын калкты жана жараандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан иштелип жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамлелер иштери боюнча Мамлекеттик Агентиги менен маакулдашылган «Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү» тууралуу келишиминин долбоору бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин Мыйзамдуулу, мандат, укук, дин иштери жана депутаттык этика жөнүндө туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Ажибаев |