Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры №3-8-4
Майлуу-Суу шаарынын ӨКМ тарабынан Загородняя көчөсүнө сел тосмого куур орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 216,0 миң сом бөлүп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарындагы Загородняя көчөсүнүн баш жагынан түшкөн селдерден шаардын Ленин, Загородняя, Зеленная көчөлөрүндө жашаган адамдардын өмүрүн сактоо багытында Кыргыз Республикасынын ӨКМ тарабынан авариялык абалды калыбына келтирүү үчүн түзүлгөн проектин негизинде жумуштарды аткаруу боюнча мэриянын кайрылуусун талкуулап, шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын Загородняя көчөсүнүн баш жагындагы колоттордон түшүүчү селдерге сел тосмо куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 216.0 (эки жүз он алты) миң сом акча каражат бөлүп берүү багытында, 2016-жылдын 9-сентябрындагы № 01-14/1350 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. 2016-жылда аткарылуучу жумуштардын титулдук тизмесинде каралган жергиликтүү бюджеттин эсебинен 216.0(эки жүз он алты ) миң сом акча каражат муниципалдык менчик башкармалыгынын эсеп счетуна Загородняя көчөсүнүн түшүүчү селдерге сел тосмо куруу жумуштарын аткартуу максатында которулуп берилсин.
3. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (А.И.Айтиев), бөлүнгөн акча каражатты Кыргыз Республикасынын сатып алуулар жөнүндө мыйзамына ылайык, максаттуу колдонуу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы ( Р.К.Бакалаев ) жана шаардын мэри (Н.А.Маматовко) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |