Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры № 3-8-4 А
2017-жылда аткарыла турган жумуштарды титулдук тизмесине киргизүү үчүн смета түзүүгө 79,0 миң сом акча каражатын бөлүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын аймагында жайгашкан адамдардын өмүрүн жана жашоо шартын сактоо багытында аткарылуучу жумуштарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин 2017-жылда аткарыла турган жумуштарынын титулдук тизмесине киргизүү багытында смета даярдоо тууралуу мэрдин докладын угуп,талкуулап, шаардык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын аймагында жайгашкан адамдардын өмүрүн жана жашоо шартын сактоо багытында аткарылуучу жумуштарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин 2017-жылда аткарыла турган жумуштарынын титулдук тизмесине киргизүү багытында смета даярдоо жөнүндө мэрдин доклады эске алынсын.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 79.0 (жетимиш тогуз) миң сом акча каражат муниципалдык менчик башкармалыгынын эсеп счетуна Заречная,Достук,Советская, Южная көчөлөрүнөн түшүүчү селдерге сел тосмо жана жээктерди бекемдөө боюнча жумуштарын аткарууга сарпталуучу акча каражатты аныктоо максатында смета түздүрүү үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы(А.И.Айтиев), бөлүнгөн акча каражатты Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, максаттуу колдонуу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы ( Р.К.Бакалаев ) жана шаардын мэри (Н.А.Маматовко) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К. Барбиев |