Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры №3-8-5
“Майлуу-Суу шаарынын Саматов көчөсүндө жайгашкан №40 муниципалдык менчиктин карамагындагы эски, авариялык абалдагы үйдүн № 1,2,3,4,5,6,9,11. батирлерин бузуу жөнүндө”
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 2016-жылдын 16-сентябрындагы чыгыш № 01-14/1383 сандуу катынын жана мэрия тарабынан комиссиясынын Саматов көчөсүндө жайгашкан №40 муниципалдык менчиктин карамагындагы эски, авариялык абалдагы үйдүн № 1,2,3,4,5,6,9,11. батирлерин иштен чыккандыгы жөнүндө 2016-жылдын 20-августунда берилген корутундусун талкууга алып, шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 2016-жылдын 16-сентябрындагы чыгыш №01-14/1383 сандуу катынын жана Саматов көчөсүндө жайгашкан №40 муниципалдык менчиктин карамагындагы эски, авариялык абалдагы үйдүн №1,2,3,4,5,6,9,11. батирлерин иштен чыккандыгы жана мындан ары бул батирлерде адам жашоого мүмкүн эместиги боюнча берилген корутундусу эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (А.И.Айтиев):
Саматов көчөсүндө жайгашкан №40 муниципалдык менчиктин карамагындагы эски, авариялык абалдагы үйдүн №1,2,3,4,5,6,9,11. батирлерин иштен чыккандыгына байланыштуу, бузуу иштерин жүргүзүүгө;
-бузулган батирлер жайгашкан жер тилкесин аукцион аркылуу сатуу иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы(А.И.Айтиев),шаардык мамкаттоо бөлүмүнүн башчысы (А.А.Кайыпов), оздоруно тийиштуу нормативдик иш кагаздарын иретке келтируу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын козомолдо шаардык кеңештин коммуналдык чарба жана турак жай, курулуш боюнча туруктуу комиссияга ( Т.Э.Малабеков ) жуктолсун.
Төрага | Б.К.Барбиев |