Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры № 3-8-6
Майлуу-Суу шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын карамагындагы автоунааны ремонттон үчүн 20,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Муниципалдык менчик башкармалыгынын менчигинде турган “Жигули” автоунаасы азыркы учурда абдан начар абалда жана унаанын кыймылдаткычы, ылдамдыкка түшүүчү бөлүкчөсү жок (коробка передача) турат.Бул автоунанын мындан ары кызмат көрсөтүүсүнө камкордук көрүү максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү боюнча муниципалдык менчик башкармалыгынын 2016-жылдын 26-октябрындагы № 209 сандуу кайрылуусун талкуулап,шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчик башкармалыгынын 2016-жылдын 26-октябрындагы автоунааны ремонттон өткөрүү багытында жазылган № 209 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. 2016-жылга карата ММБнын чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 20,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты автоунааны оңдоого бөлүнүп берилсин.
3. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (А.И.Айтиев), бөлүнгөн акча каражатты максаттуу колдонуу жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына ( Р.К.Бакалаевка ) жана шаардын мэри (Н.А.Маматовко)жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |